Коом 7 сентября 2017 г. 9:14

1897

Бекжан Ишенбайтегин
Кабарчы

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мьянмадагы болуп жаткан окуялар боюнча кыргыз журтчулугуна кайрылуу жасады.

"Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал, адам укуктарынын бузулушу абдан чоң зулумдук. Мьянмадагы кырдаалды тез арада дүйнөлүк деңгээлдеги адам укугун коргогон ири уюмдар чечүүлөрү зарыл. Кырдаал курчуй берсе диндер, улуттар аралык, мамлекеттер ортосундагы жаңжалдашууну, пикир келишпестикти пайда кылуусу мүмкүн.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Мьянмадагы кырдаалга тынчыздануусун билдирет жана тараптарды бир пикирге келип, абалды тынчтык, сабырдуулук, адилеттүүлүк жолу менен чечүүгө чакырык жасайт.

Ыйык Курани Каримдин Маида сүрөсүнүн 32 аятында: «Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете»,-деп айтылат.

Ыйык Куранда айтылган бул сөздөргө негиз кылып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши кыргыз элин өз пикирин тынчтык жолу менен билдирүүгө, мусулмандардын жана бүт ааламдын тынчтыгын тилеп дуба кылууга чакырат.

Дүйнө элинин тынчтыгы ар бир инсан үчүн маанилүү".

жети кемитилген беш канча болот?
36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
105
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз