Коом 7 сентября 2017 г. 11:47

858

Айзада Алиева
Фотокабарчы, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү

“Dunyouzbeklari” аттуу сайт Өзбекстандын биринчи айымы жөнүндө бир нече маалыматтарды жарыялап чыккан.

Хошимова Зироатхон (Ойхон) Махмудовна Фергана облусунун Коканд шаарында төрөлгөн. Болочок жолдошу менен институтта таанышкан. Шавкат Мирзиёев ал убакта институттун комсомолдук комитетинин катчысы болуп иштеген.

Институтта экөөнү эң татынакай жана интеллектуалдуу түгөй деп, баары суктанып келишкен. Бирок, Ойхондун чоң ата, чон энеси Шавкат Мирзиёев менен небересинин баш кошуусуна алгач каршы болушкан.

Ата-энеси кадыр-барктуу жана бай адамдар. Атасы Махмуджон Хошимов СССР убагында Кокон шаарында Борбордук Азиянын темир жолунун кызматты камсыз кылуу бөлүмүн жана “Дорресторан” кыймылдагы вагон-ресторандарды башкарган.

Ойхон Махмудовна билими боюнча инженер-экономист. Ойхон илим, билим, маданият жана адабиятка көңүл буруп, көптөгөн коомдук ишмерлер менен ар түрдүү профессионалдык суроолор боюнча кайрылып, маектешип турат. Ал буга чейин эч бир коомдук жайларда көрүнгөн эмес.

Ислам Каримовдун учурунда тартип күчтүү болгон. Кимде ким атактуулукту самаса, Каримов аны бат эле ордуна коюп коймок. Ойхон Махмудовна жолдошунун коомдогу статусунан улам да, кесиптеш жана тааныштарынын арасында өзгөчөлөнүп, бөлүнгөн эмес.

Шавкат Мирзиёев өлкө башчы болгондон тарта Зироатхон Хошимова жолдошун расмий иш-сапарларында коштоп келүүдө.

ММКнын Өзбекстандын биринчи айымына болгон кызыгуусу күндөн-күнгө артууда.

Шавкат Мирзиёев жана Зироатхон Хошимованын үч баласы бар: эки кыз жана бир эркек баласы.


төрт кошулган эки канча болот?
36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
105
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз