Күчтүү жаран 7 сентября 2017 г. 16:15

506

Бегимай Шарапова
Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү

Орусиядагы мигрант кантип Кыргызстанда юрист кесибине окугандыгын жана кантип Москвада иштеп калгандыгын ошондой эле эмне үчүн Орусиянын аба күчтөрүнүн күнү абдан кымбат экенин германиялык DW сайтына айтып берген.

Жылмаюу мене жаш жигит келип, мага менюсун берди жана сөзсүз өзүлөрүнүнүн мантысынын даамын татып көрүүмдү сунуштады. Алардын даамдуу мантысы үчүн жакынкы ишканадан юристтер келип жеп кетишерин айтты. Андан кийин Тилек өзүнүн мигранттык жашоосу менен бөлүштү.

“Биз үй-бүлөөдө 5 бир тууганбыз, 3 кыз 2 бала. Биз метрикабызды ар башка дубандан алганбыз, анткени ата-энем Токтогулдан болушат. Токтогул улам-улам башка областтарга кошула берген”, - дейт күлүп. Тилек болсо үй-бүлөдө кенжеси.

Тилектин атасы архитектор Новосибирскиде аскердик кызматын өтөп, ошол жактан жогорку билим алып, кайра Кыргызстанга кайтып келген. Апасы кыргыз тили жана тарых сабактарынын мугалими.

Тилек 1992-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин финансы жана бизнес башкаруу академиясынын техникумун аяктаган. Адиси - жарандык укуктар боюнча юрист.

Москвага көчүү

Бирок 2009жылы Тилек сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Орусияга акча табуу үчүн апасы экөө кетет . Анын эжеси күйөсү менен ошол жакта иштечү. “Мен Москвага келген учурда скинхеддердин доору күчөп турган болчу. Бактыга жараша мен алар менен кабылган жокмун. Мындан башка мигранттардын кыйынчылыктарга туш болушун көргөн жокмун. Баардык эле өлкөдө эле мыйзамга жана маданиятка ылайык иштесе эч кандай көйгөй болбойт. Бардык өлкөдө кыйынчылыктар болот бирок, алар көнүп калгандан кийин билинбей деле калат”,- дейт Тилек.

“Көнүү үчүн кыйынчылыктардын бири документтер менен болгон көйгөй болчу. Бирок менин документтерим туура болчу, мен мыйзам менен иштегенди туура көрөм. Бирок баары бир коркуу сезим боло берчи. Мени милиция кызматкерлери участкага алып кетип калышс, эч ким билбей калат деп тынчсыздана берчүмүн. 2-3 жолу түшкөм, бирок кудайга шүгүр, баары туура болуп, үйүмө кайтып келгемн. Апама эч нерсе айтчу эмесмин, аны аяйм.

Убакыттын өтүшү менен туугандардын баары келе баштады. Мен эжем менен жездем иштеген холдингке терүүчү болуп киргем. Кийин байкем менен жеңем менен келди. Байкем да ошол эле жерге бригадир болуп иштей баштады. Бардыгы ишке кеткенде апам неберелерин карап үйдө калчу”.

Тилек биринчи эмгек акысын айтып берди. 2010-жылы 15900 рубль алган экен. Мындай акча Тилек үчүн ал убакта чоң акча болчу. Ал өзүнүн биринчи маянасына өзүнө эмес апасына телефон алып берген. Байкеси холдингден кеткенден кийин байкесинин ордуна бригадир болуп 21000 рубль алып калган. Бирок 2011-жылы холдинг жабылып, сессиясын жабыш үчүн Бишкеке келген.

Юристин эмгек акысы бармендикинен да аз.

“Ошондон бери Бишкекке көп барчу болдум. Бирок акыркы жолу келгенимде 1 жума жетиштүү болду”, - дейт. Анткени Москванын ызы-чуусуна көнүп калган өңдөнөт.

Кыргызстанга келгенде Тилек адистиги боюнча Ленин районунун шаардык сотунда парт тайм менен иштеп баштаган. Ал жасаган иши үчүн 300 сом алчу. Окуусунан кийин бармен болуп иштеп 500 сом тапчу.

Орусиянын аба күчтөрүнүн күнү кубануунун дагы бир жолу.

“5 жыл бою иштеп жүрүп кыргыздарын иштеп байып бара жатканын сездим. Анткени алар клубдарга метро, автобус менен эмес такси менен келишчү. Кымбат баалуу уюлдук телефондорду көтөрүп келишет. Ошентип 2014-жылы ал жак да жабылып калды. 2015-жылы жумушсуз калып Бишкекке кайтып келдим. Окуумду улантып, сентябрь айында үйлөндүм.

Үйлөнгөндөн кийин биз Москвага келдик. 9 айдан кийин келинчегим Орусиянын аба күчтөрүнүн күнү - 2-августта Сымбат атуу кызды төрөп берди”.

Бишкек-Прага-Бишкек

“1 жылдан соң келинчегим кызым менен Кыргызстанга кетти. Мен фотосүрөтчү болуп бир кафеде иштей баштадым. Ал жердин чоңдоруна жагып, мени администратор кылышты.

Азыр акчамды чогултуп, атамдан калган үйдү оңдоюнкылайын деген оюм бар. Орусия да калбайм, менин мекеним Кыргызстан, албетте, мекениме кайтам”.

Тилекттин кыялы болсо Праганы көрүү жана бүткүл дүйнөнү үй-бүлөсү менен кыдыруу.

алты кошулган сегиз канча болот?
223
Т. Бирназаров: "Аларды алып келип жазалай албайм, бирок экранда болсо да жазаладым деп ойлойм"
480
Ч. Сааданбеков: "Google Translate долбоорунда 850дөн ашык киши иштеди"
750
​Кыяшпаев Аскер, балчелекчи: "Өнөрүмдү өзүм менен алып кетпей жаш балдарга үйрөтсөм деген ниетим бар"
282
Жазуучу Б. Түмөнбаева: "Мен курактуу аялдар сөйкө-шакектеринин саны менен мактанса, мен китептерим менен мактанам"
271
"Бабамдан баян"
169
Депутат Айнуру Алтыбаева: Жолдошума кайсыл сапатым жагат сурабаптырмын. Бүгүн сөзсүз сурайм.
1575
Алмамбет Шыкмаматов: «Мен эч качан тагдыр менен "мышык-чычкан" ойнобойм»
504
​Ишкер айымдардын ийгилик сырлары эмнеде?
941
Садык Шер-Нияз: "Үчүнчү «Көчмөндөр оюнуна» Анжелина Жолини чакырдык"
1888
Токмок шаарынын мэри шаар үчүн кандай иштерди жасап жатат?
1542
​Игорь Беляев: "Жетимдерге бөлүнгөн каражатты жең ичинен жеп алышат"
544
КРдин эл артисти Ж. Сейдакматова: "Лондондо бизди жакшы сыйлашты"
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз