Бүгүн 29 сентября 2017 г. 10:52

207

Наргиза Байөмүрова
Кабарчы


Жүрөктү коргоо күнү 1999-жылы Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясы тарабынан кабыл алынган. Демилгени Бүткүл дүйнөлүк маанилүү делген ден соолук борборлору жана Юнеско уюму колдогон.

Жүрөк күнүн расмий майрамдоонун максаты - дүйнөдөгү эпидемияга айланып бара жаткан адамдардын жүрөк ооруларынын алдын алуу болуп саналат. «Жүрөк – жашоо үчүн» деген ураан менен дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрү аталган күндүн урматына ар кандай маанилүү иш-чараларды уюштуруп, массалык түрдө адамдардын ден соолугун акысыз текшерип, илимий форум, концерт, фестиваль, көргөзмөлөр жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Учурда жүрөк кан тамыр оорулары дүйнөдөгү адамдардын көпчүлүгүн майыптыкка жана өлүмгө алып келген негизги себеп болууда. Жыл сайын бул илдет 17 млн. адамдын өмүрүн алат. Тукумсуздукка алып келет. Инсульттун, жүрөк кан тамыр ооруларынын пайда болушу – адамдагы жогорку кан басым, кандагы кант менен холестериндин көптүгү, тамеки чегүү, ашыкча салмак жана туура эмес тамактануудан болот.

Инсульт жана инфаркт ооруларында туура тамактанып, спорт менен машыкса 80% учурда өлүмдүн алдын алса болот.

Аталган көйгөйдү чакырган туура эмес жашоо образы алгач балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн организминде калыптанат. Бала чоңойгон сайын анын кооптуулугу да өсө баштайт. Ошондуктан алдын ала иштерди бала кезден башташ керек. Балдарды спорт чөйрөсүнө эрте аралаштырып, эрте ден соолукка кам көрүүнү үйрөтүүгө милдеттүүбүз. «Бир жылда бир жолу чоң адамдар сыяктуу эле жаш балдардын жүрөгүн медициналык текшерүүдөн өткөрүү керек» - деп Бүткүл дүйнөлүк жүрөктү коргоо федерациясы маалымдайт. Коомдо адамдар бир-бирин урматтап, уруш-талашы жок жай турмуш менен жашоо бул – эң алгачкы жүрөккө кам көрүү болуп саналат.

бир көбөйтүлгөн беш канча болот?
104
​Бүгүн бирдин (февраль) айынын экиси Д. Менделеев каза болгон күн
171
​Бүгүн бирдин (февраль) айынын биринде АКШ СССРден кийин экинчи болуп Жердин спутнигин учурган
225
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын отуз бири «Кока-Кола» товардык белгиси катталган күн
100
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын жыйырма алтысы Эл аралык бажы кызматкерлеринин күнү
107
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын жыйырма беши Владимир Высоцкийдин туулган күнү
101
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын жыйырма төртү Эл аралык эскимо күнү
295
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын жыйырма үчү Антарктиданын жээгин биринчи жолу адам баскан күн
114
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын жыйырма экиси попкорндун жаралган күнү
159
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын жыйырмасы Дагестан Республикасы негизделген күн
146
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын он тогузунда дүйнөдө биринчи жолу телевизиондук маалымат жыйыны өткөн
118
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын он сегизинде"Винни-Пухтун" автору А. Милн туулган
107
​Бүгүн үчтүн (январь) айынын он жетиси Жеймс Кук Түштүк полярдык тегеректи кесип өткөн күн
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз