Экономика 29 сентября 2017 г. 17:24

203

Талгат Деркембаев
Баяндамачы

Эммануель Макрон менен анын кеңешчилери ойлоп тапкан бул план чын эле эң сонун, эч бир кынтыгы жоктой сезилет. Бундестагдагы шайлоодон кийин француз президенти Европаны реформалоо боюнча өз ойлорун сунуштады.

БГРнын (Бириккен Германия Республикасы) канцлери Ангела Меркел баш болгон жетекчилиги алдында бул идеяларды шыр эле коалициянын программасына киргизип жибере алат. Бул Европа үчүн да, Париж үчүн да, албетте, Макрон үчүн да пайдалуу. Бирок бул эң сонун деп саналган план негедир ашуудан суу кечпей калды.

Макрондун немис өнөктөшү Меркель шайлоодогу оор жыйынтыктардан соң өзүнүн жаңы өкмөтүн түзүү менен алек. Андан сырткары коалиция боюнча Макрондун дагы потенциалдуу бир өнөктөшү Макрондун тереңдетилген Европа боюнча, өзгөчө, келечектеги экономикалык өнүгүүсүн элестетүү боюнча идеясын анчейин колдоого арзыбай тургандыгын айткан.

Чындыгында, Макрондун Париждин Сорбонна университетинде сүйлөгөн бул планы Берлинди кызыктырган. Бирок, Берлинде кетип жаткан өкмөттүн позициясы чагылдырылган документ элге тарап кеткен. Анда Берлиндин так, таамай ар кандай жоопкерчиликтен баш тартуусу керек экендиги Каржы министрлигине багышталган кайрылуусунда жазылган.
“Биз чыныгы стабилдүүлүктү татаал, кымбат каржы конструкциялары менен эмес, реформалардын жардамы менен түзүшүбүз керек” деп жазылат анда.
Ал эми париждиктер болсо зор толкундануу менен президентинин сөзүн күтүп жатышты. Президенттин кайрылуусу алар күткөндөй бүткүл Еворпа колдоп жибере тургандай ийгиликке жете алган жок. Француз президенти билдирген Евробиримдикти жаңы ынтымакка чакырууга, европалык интеграцияга жаңы чен-өлчөм берүү боюнча максаттары бүгүнкү күнү биз көрүп жаткан кыйынчылыктардан да оор кыйынчылыктарга кириптер кылат деп эсептешти.
ЕБга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн желектерин, ошондой эле ЕБнын жылдыздуу желекчесин жанына коюп алып Сорбоннада Макрон өз жердештерине жана европалык коомчулукка минтип кайрылды: “Биз Европаны сактап калганды унутуп калыптырбыз. Брюссель. Мына биз, Бирдиктүү Европа болушубуз керек.
Азыр бардыгыбыз катарыбызды тыгыз кылышыбыз керек”, - деди.

Француз президентинин талаптарынын ичинде еврозона үчүн бирдиктүү Каржы министри болушу керек деген талабы да бар. Анын ою боюнча Еврозонадагы 19 мүчө өлкөнүн бюджетин бир гана министр караш керек экен. Ар ким ЕБга өз үлүшүн бериши керек. Баарынын каржысы чогулса жалпы бюджет 428 миллиард евро болот.
Ал эми Германия болсо ой калчап, ЕБнын эң чоң мүчөсү экенин эске алып, жалпы казынага 30% акча төгүшү керек болуп калат экен. Немис сынчылары оболу трансфердик союзга кошулгандан коркушат. Бул жерде акчалар күчтүү мамлекеттерден алсыз мамлекеттерге которулуп, көпчүлүк учурда өз акчаңдан кур жалак калуу коркунучу болот. Чынында, мындай фискалдуу жардамдар реформалардын кызыктуулугун жоготуп коюучу, өнүгүүнү туура эмес багытка салып жиберүүчү коркунучу бар. Германиянын өзүнүн федералдык жерлерге үлүш бөлүштүрүү мунун жаркын мисалы боло алат. Мисалы, Германиянын федералдык кээ бир аймактары салыктарын башка аймактын жерлерине төгөт деп араң жыйнашат.

Макрондун идеясын немис экономисттери фаталдуу деп эсептешет.



тогуз кемитилген сегиз канча болот?
63
Орусиялык 50 ишкер бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту
392
Биткоин же криптовалюта тууралуу эксперттер эмне дешет?
176
Вашингтон менен Москванын тирешүүлөрү. Ким жеңишке жетет?
118
​Бир айдын ичинде үчтөн бир бөлүгүн жоготкон биткоинге тыюу салынабы?
323
Биткоин
123
Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү сунушталды
96
Улуттук банктын эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү каралууда
405
Кыргыз Республикасы кайсы президенттин тушунда канча карыз акча алган?
4508
Кыргызстанда дүйнөдө жок акча чыкты
201
2018-жылга карата республикалык бюджеттин бөлүнүшү
962
​Кубан Абдымен: “Кытайды Кыргызстандын экологиялык таза продуктылары кызыктырат”
945
​Казакстандын премьер-министри Б. Сагинтаев: "Кыргызстандын айынан ЕАЭБ миллиарддаган долларды жоготту"
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз