Коом 6 октября 2017 г. 19:48

2982

None

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков тогуздун (октябрь) айынын алтысында Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында социалдык колдоого муктаж болгон Нуриза Кичинебатырованын үйүнө баш бакты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Нуриза Кичинебатырова жолдошу каза болуп, беш баласын жалгыз тарбиялап, багып келе жатат. Алардын үй-бүлөлүк кирешеси болгону жөлөк пул болсо, ал каражат беш баланы бакканга жетпейт.

Өкмөт башчы үй-бүлөгө колдоо сөзүн айтып, аларга Кочкор районунун базарынан сатып алган азык-түлүктөрүн берип, материалдык жардам берди. Мындан сырткары жергиликтүү бийликке Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүндөгү социалдык көйгөйүн чечүүнү тапшырды.

Мындан тышкары өкмөт башчы Кочкор районун аймактык ооруканасынын абалы менен таанышты. Бул оорукана Кочкор районунун 70 миң жашоочусун тейлейт жана 119 орун менен чектелген. Ооруканада реанимация, хирургия менен чогуу бардык зарыл болгон медициналык бөлүмдөрдү кошкондо 240 медицина кызматкери иштейт.

Өкмөт башчысы оорукананын стационардык мекемелери менен чогуу оорукананын бөлүмдөрүн карап чыгып, бейтаптар жана кызматкерлер менен маектешти.

Премьер-министр оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө капиталдык ремонт жүргүзүүнү, хирургия бөлүмүнүн имаратына лифт орнотууну, жаңы флюрографиялык аппаратты алууну, ошондой эле дефектик актыны жүргүзүүнү жана оорукананын тегерегиндеги айлананы жакшыртууну, асфальт төшөөнү тапшырды.

Ошондой эле премьер-министр Кара-Тоо айылындагы 1926-жылы курулган авариялык абалдагы орто мектепте да болду. Азыркы учурда бул мектепте 400дөн ашык окуучу билим алат, окуу имаратынын тардыгына байланыштуу 300гө жакын окуучу райондун борборундагы мектепке барып окушууда.

Өкмөт башчы Кочкор районудагы эң эски делген мектепке барып, тийиштүү мамлекеттик кызматтарга тез арада мектепти куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоону тапшырды.

Ошондой эле Сапар Исаков окуучулар менен баарлашып, мугалимдерди кечээки кесиптик майрамы менен куттуктады.

Сапар Исаков Кочкор айылынын “Тогуз-Булак” жер тилкесиндеги суу тосмонун абалы менен да таанышып чыкты.

Кочкор айылы эки булактан таза суу менен камсыз болот. Бул үчүн 1993-жылы ашар жолу менен атайын суу түтүктөрү коюлуп, эки кароочу кудуктар курулган.

Тазалоонун тийиштүү системасынын жоктугунан улам, берилип жаткан суу тазаланбайт. Ошондой эле таза суу сактаган резервуар да жок.

Өкмөт башчы таза суу менен элди камсыз кылуу үчүн Кочкор айылына жаңы суу тосмону курууну баштоого тиешелүү мамлекеттик органдарга буйруду.

«Жаңы доорго – кырк кадам» өкмөттүк программасынын алкагында “Таза суу” долбоорун ишке ашырууга чоң көңүл бурулууда” – деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Сапар Исаков Кочкор районундагы “Адал азык” мал союлуучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышты. Үй жандыктарын союуда ишканада заманбап ыкмалар колдонулат.

“Ушул сыяктуу ишканаларды колдоо менен мамлекет өлкөдөгү айыл чарбанын өнүгүшүнө түрткү берет. Ошондой эле өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу үчүн маанилүү болуп саналат. Бул үчүн өндүрүштүн керектүү көлөмүн, түрүн жана сапатын камсыз кылуу керек” - деп белгиледи премьер-министр.

беш кошулган төрт канча болот?
Жаныбек
2018/04/25-09:01

Азаматсыз, Сапар мырза!

Жолчу
2018/04/25-09:01

Азамат бар болунуз!ушул байке келечекте башчы болсо мыкты болчудай.

36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
104
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз