Коом 7 октября 2017 г. 15:14

6390

Асел Акматалиева
Журналист, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти

Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, КТРКнын “Сармерден” берүүсүнүн алып баруучусу, “Достор” тобунун солисти Гүлбү Орозкул кызы тогуздун (октябрь) айынын алтысында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул каргашалуу окуяга жакындарынын гана эмес, бүтүндөй өнөр баалаган кыргыз элинин жүрөгү сыздап турат.

Аскат Мусабеков, ырчы:

- Биздин чөйрөдө орду толгус оор жоготуу болду. Гүлбү эже жаркылдап, арабызда жүрүп, баарыбыздын жүрөгүбүздү ээлеп алган экен, бул нерсе абдан катуу тийип жатат. Эжени эрте каза болуп калат деп ойлоо – 3 уктасам түшүмө кирчү эмес. Ар дайым позитивдүү маанайда жүрүп, кайгы-капасын башкаларга такыр билдирчү эмес. Мындан 4-5 күн мурда эле тойдо жолугушуп, жайдары саламдашкан эле. Жаш кетти... Алдыда көрчү жакшылыктар көп эле. Жакында эле неберелүү болуп, кубанып жүргөн. Өзү тамашакөй киши болгондуктан, мага, “бул Элмирбектин ырын ырдачу беле?” - деп, күлүп калар эле. Бүгүн мына ушул нерселердин баары бизге жетпей турат. Ыйманы саламат болсун! Үй-бүлөсүнө көңүл айтам.

Баяна Кулова, журналист:

- Чынын айтсам, кечээги суук кабардан кийин өзүмө келе элекмин. Элмирбек байке Токтогулдан болгондуктан, жакшылык-жамандыкта катышып, Гүлбү эже менен жакшы мамиледе элем. Акыркы жолу интернеттен байланышканыбызда, арыз-арманын айтып, ыйлап жиберчүдөй болуп, башкача сезилген. Гүлбү эженин шыңгыр күлкүсү өзгөчө жана анын адамгерчилик сапаты абдан бийик болчу. “Элмирбек экөөбүз ажырашсак деле, мени, эже дебей, жеңе де" - деп калар эле. Жаркылдаган жүзү, шаңшыган үнү, ак куудай келбети менен эсимде калды. Мен аны дайыма аппак көйнөк кийип жүргөнүн көрчү элем. Бир жолу мага жакшы кеп-кеңештерин берип, өзүнүн да пландарын айтты эле. Сезимди (кичүү кызы) турмушка узатсам, дагы балалуу болсом деген ниеттерин билдирген. “Сен турмушка чыксаң, "Жар-жар" айтам” -дегенин, “ооба, сиз башкы конок болосуз” - деп айткан элем. Тилекке каршы, эми Куран окугандан башка эч нерсе кыла албай калат экенбиз...

Жайнагүл Тургунбаева, ди-джей:

- Гүлбү эже, эң эле шайыр, эң эле өзгөчө дүйнөсү бар адам экен. Ал каза болордон 2 күн мурда бизде эфирде болгон. Акыркы маегинде абдан маанилүү сөздөрдү айтып кеткен. Тактап айтканда, бул жашоодо баары сонун экендигин, бирок баарын өзүбүз гана татаалдаштырып аларыбызды айткан. Эже соңку күндөрү, негативдүү маалыматтардан улам, социалдык тармактарга да аз кирип калганын билдирген эле. Бул нерседен улам, анын абдан назик, жароокер, боорукер, эң бир асыл сапаттардын ээси экендигин байкай алдым.

Гүлнур Асанова, ырчы:

- Жердеш эжем, шайыр адам катары акыркы учурларда ынтымакка чакырууну тилеп калган эле. "Аксылыктар чогулсак, концерт уюштурсак, биримдүү болсок" - деп көп айтчу. Тилекке каршы, тилегине жетпей кете берди. Эжекенин жаркылдаган элеси жүрөгүбүздө кала берет. Аттиң, ажалды кантип токтотобуз... Бирок эженин ооруп жүргөнүн уккан эмесмин. Анткени соңку мезгилде сүйлөшө элек болчубуз.

Жылдызбек Турсунбаев, акын, алып баруучу:

Гүлбү эже чындап гүлдөй ачылган, барган жерин майрамга айландырган жан эле. Жолуккан жеринде адамга позитивдүү энергия тартуулап, ар бир тойдо жоопкерчилик менен ырдап конокторду ыраазы кылып кетчү. Соңку көрүшкөнүбүздө жакшы бир текст жазып бер деп суранды эле. Бирок ошол чогуу аткара турган тилегибизге жетпей калдык аттиң дүйнө... Кыязы көпчүлүктүн көзү эле тийип кетти го. Татынакай туруп эле көз жумуп кетет деген не деген шумдук?! Ишенгибиз келбесе да акыркы сапарга узатабыз. Жаткан жери жайлуу, сурагы жеңил, орду гүл бейиште болсун!

40тын кырын ашпай кеткен таланттуу ырчы айымдын жаркылдаган элеси күйөрмандарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталмакчы...

беш көбөйтүлгөн алты канча болот?
Азамат
2018/04/25-09:05

Эми эрте кетти кудайым сурагын жеңил кылып өзү ыраазы ырайымына алсын. Тагдыр пешене не жазса ошол нерсени көрөбүз.

36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
104
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз