Коом 4 августа 2017 г. 13:09

376

None

Мектеп, окуучуну кабыл алганга даярсыңбы?

Башкы кеңсеси Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан “Булан” институту Кыргызстандагы диний жана светтик билим берүүгө анализ кылып, изилдөө жүргүзүп келет.

Билим берүү жана илим министрлигинде 3-август күнү Булан институту Кыргызстандагы мектептердин коопсуздугун изилдөө боюнча презентация жасады. Институттун директору Чолпон Орозбекова өз сөзүндө Кыргызстандагы мектептердин сыйымдуулугу 600 миң балага гана эсептелгени менен, чындыгында 1 миллион 176 миң окуучу окуп жаткандыгын айтып өттү. Ушундан улам мектептердин жүктөлмөсү эки эсеге чыккандыгын баса белгиледи.

Баяндамага Билим жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле курулуш боюнча серепчилер, журналисттер журтчулугу катышты. Булан институтунун изилдөөсүнө таяна турган болсок, өлкөбүздө 193 мектептин абалы авариялык деңгээлге жеткен.

Бул тууралуу 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Жогорку Кеңешке 193 мектептин абалы кооптуу экендигин айткан. Мындай мектептердин 56сы Ош облусунда, ал эми 42си Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев да Ысык-Көл облусунун эли менен жолукканда Кыргызстанда бир да авариялык абалдагы мектептердин калбай тургандыгын, маселенин жакшы жакка чечилери тууралуу айткан.

Чолпон Орозбекова Кыргызстандагы мектептердин көпчүлүгү 80-жылдарда курулганын, айрымдары андан мурда курулуп, эксплуатациялык абалы иштен чыккандыгын айтып, мектептерди курууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигине токтолду. Ушундай себептерден сапаттуу мектеп салуу үчүн ички жана сырткы ресурстардан каражат маселесин чечүүгө убакыт келгенин айтып өттү.

Мектептерди курууда кийинки учурларда ашар жолу пайдаланганын, мындай мектептердин курулуу сапаты начар болгондугун, техникалык көзөмөлдүн жетишсизги айтылып, өлкөбүздүн келечеги болгон балдар үчүн мамлекеттин кепилдиги бар заманбап мектептерди куруу сунушу көтөрүлдү. Ашар жолу менен мектептерди салууну токтотуу керек деп эсептешет баяндамачылар.

Презентациянын соңунда Байкоочу кеңештин өкүлдөрү, курулуш боюнча эксперттер бул маселе боюнча өз пикирлерин билдиришти. Билим жана илим министрлигинин стат-катчысы Шадыканов Калысбек Токтосунович суроолорго жооп берди. Булан институтунун көтөрүп жаткан демилгеси катышуучулар тарабынан колдоого арзырлык деп бааланды.

Сауд Аравиясы Кыргызстанга 25 жылга насыя түрүндө 30 миллион АКШ долларды мектеп салууга берип жаткандыгы, ошондой эле Саид Баюми жетектеген Дүйнөлүк жаштар ассоцияциясы да Кыргызстанга бир канча мектептерди салып бергендиги тууралуу презентацияда айтылды.

беш көбөйтүлгөн он канча болот?
35
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
104
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
44
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз