Коом 23 октября 2017 г. 13:30

265

None

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Казак Республикасынын Өкмөтүнүнүн ортосунда 2016-жылдын бештин айынын (декабрь) жыйырма алтысында Санкт-Петербург шаарында техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу токтомду денансациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев казак тараптын жардамынан баш тартуу себептери тууралуу айтты. Анын билдиришинче казак-кыргыз биргелешкен инвестициялык фондун түзүү 2007-жылы эле башталган. Белгисиз себептерден улам, аны түзүү кийинкиге жыла берген. 2014-жылдын жетинин айынын (ноябрь) жетисинде ЕАЭБдин алкагында жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстан Кыргызстанга 100 млн. доллар өлчөмүндө жардам бөлүүсү боюнча президенттердин ортосунда макулдашуу болгон. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына кирген соң, бул каражатка өлкөнүн бажы объекттерин жакшыртууга, ветеринардык лабораторияларды куруу жана башка маанилүү чоң көлөмдөгү иштерди аткаруу каралган. Бирок макулдашууда жок нерселерди себеп кылып, казак тараптан бул макулдашуу создугуп келген.

Өкмөт өкүлүнүн ырастоосунда, казак тараптын каражатын күтпөстөн, кыргыз тарап 4 лаборатория куруп алган жана ага бюджеттен 172 млн. сом бөлүүгө аргасыз болгон.

“Мындан ары да айтылган иш-чараларды өз күчүбүз менен эле чечебиз. Бюджеттен каражат таап, 19 лаборатория бүткөнү калды. Бул маселе чек арага байланыштуу акыркы күндөрү күчөп кетти. Алар ушул кезге чейин бербеген жардамын док кылууда. Башка булактардан каражаттарды табууга аракет кылабыз” - деди Д. Зилалиев.

Депутат Акылбек Жапаров жардамы жок эле өз көйгөйүбүздү өзүбүз чечүүгө жетишүүбүз зарыл экенин, ал каражат техникалык жардамда көрсөтүлгөн иш сапар, окутууга кеткен чыгымдарды кыскартып, 1 жыл ичинде бүтүрүү керектигин белгиледи. "Мегаком” компаниясын сатууда 80 млн. доллар котордук деп жатат, ошол каражаттан колдонуу керек” - деди ал.

беш көбөйтүлгөн беш канча болот?
36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
104
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз