Коом 23 октября 2017 г. 13:55

734

Бекжан Ишенбайтегин
Кабарчы

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореяга Кылычбек Султановду элчилик кызматына сунуштап жатат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал эми бул маселе Жогорку Кеңеште эртең каралат.

Буга чейин 2016-жылдын бештин айынын (декабрь) бешинде Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин буйругу менен министрдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Султанов Кылычбек Камчыевич 1975-жылы бештин айынын (декабрь) жетисинде (документ боюнча 1976-жыл, үчтүн айынын (январь) төртүндө) Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган, финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.

- 2002-жылы -“Супер-Инфо” гезитин негиздеген;

- 2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;

- 2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;

- 2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;

- 2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы;

- 2012-2013-жылдары - КРдин Социалдык өнүгүү министри;

- 2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиаменеджери” наамынын ээси;

- 2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган;

- 2014-жылы жетинин айынын (ноябрь) он тогузунда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалып, 2016-жылдын баш оона айынын (авуст) он алтысында президенттин жарлыгы менен элчилик кызматтан бошотулган.

алты көбөйтүлгөн эки канча болот?
36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
105
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз