Көйгөй 23 октября 2017 г. 16:49

996

Наргиза Байөмүрова
Кабарчы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тогуздун айынын (октябрь) он сегизинде Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугуп келген. Жолугушуу маалында тараптар чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, ЕАЭБ жана ДСУ көрсөтүлгөн нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен бажы жана салык эрежелери тууралуу маселелерди талкуулашкан эле.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары тогуздун айынын (октябрь) он тогузунда түнкү саат 00.00дөн баштап кыргыз-казак чек арасында жеке жүгү менен өткөн жургүнчүлөр, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалар, жеңил унаалар жана жүк ташуучу бош унааларды өткөрүүгө приоритеттүү тартипти камсыз кылууну сүйлөшүшкөн.

Мындан сырткары эки тараптуу экономикалык маселелерди чечүүгө чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, ЕАЭБ жана ДСУ көрсөтүлгөн нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен бажы жана салык эрежелери тууралуу маселелерди чечүүгө Кыргызстан менен Казакстандын биринчи вице-премьер-министрлери башында турган жумушчу топ түзүүгө жана ал жумушчу топ 5 жумушчу күндүн ичинде биргелешкен «Жол картасын» түзүү боюнча келишимди түзүү айтылган.

«Жол картасы» түзүлгөндөн кийин тараптар көрсөтүлгөн нормаларды жана эрежелерди бузбай турган тартипте иш алып барууну камсыздоо тууралуу чечим кабыл алышкан эле. 5 күндөн бери Кыргызстандан Астанага кеткен делегация кайтып келе электигин жана бул маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия иштеп жаткандыгын, бүгүн Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов BUGUPRESS агенттигине билдирди.

Мамлекеттик деңгээлге көтөрүлгөн бул көйгөй эртерээк чечилбесе, карапайым жарандарга моралдык да, материалдык да чыгым алып келип жаткандыгын экономика жаатындагы серепчилер жана ишкерлер бир ооздон айтышты.

«Бул көйгөй биз көз карандысыздыкты алганда эле башталган. Кыргызстан жеңил өнөр жай, тамак-аш тармагы жана кайра иштетүү жаатында абдан өнүккөн өлкө болчубуз. Эгемендүүлүк алуу менен колхоз-совхозду таратып, миңдеген жумушчулар жумушу жок, колду чөнтөккө салып, оозду куу чөп менен аарчып, көрүнгөн өлкөдөн көрүнгөн каражатты алып, карызга белчебизден баттык. Миңдеген жарандарыбыз тентип сыртка кеткенден кийин биздин өлкө бардык тараптан көз каранды бойдон калып калдык. Мына ушул көп жылдан берки чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн жыйынтыгы дал ушул Кыргызстан-Казакстан чек ара маселесине келип такалды» - дейт көз карандысыз экономикалык серепчи Айылчы Сарыбаев.

«Айыл-чарба продукциябызды жалгыз кыргыз-казак жолу менен ташытып койгон. Бул өзүбүздүн күнөө. Ошону алдын ала билип, өлкөнүн туш тарабына ачыла турган каалга катары башка да мамлекеттерге жолдорду ачып, темир жолдорду куруу зарыл болчу» - дейт серепчи.

«Андыктан бизге бул чоң сабак. Чек арада 300, 400 унаа тизилип өтө албай калды, деп чуркап барып чөгөлөп кечирим сураган - бул болбогон иш. Ал үчүн координалдуу, комплекстүү, системалуу терең экономикалык саясат жүргүзүү керек. Мына азыр ушул кадамды жасоого мүмкүнчүлүк келди. ЕАЭБ бизге чоң үмүт арттырды эле. Тилекке каршы, ЕАЭБдин иштей албагандыгы, керек болсо тарап кете тургандыгы соңку кыргыз-казак мамилесинен даана көрүнүп турат. ЕАЭБ мүчөлүгү менен иштешип жаткан өкүлдөрүбүздүн начардыгынан кабар берди. Эки элдин президенти айтышып кетти эле деп, чек араны жаап салуу деген дүйнөлүк экономикалык саясий тажрыйбада жок нерсе. АКШнын президенти Трампты бүт өлкө жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап, не деген айып сөздөрдү таңуулабасын, ал эч кандай чек арасын жаап алып башка өлкөлөр менен экономикалык байланышын үзүп койгон жок. Менин оюмча, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бери жактагы жан-жөкөрлөрү жан талашып чуркап чек араны жаап, өтө албай жаткан биздин ишкерлерден кайра кошумча акча алууга үмүттөнүп жатышат да. Ким көбүрөөк акча берсе аларды өткөрүп, бербегенин өткөрбөй жатышат. Демек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн деңгээли дагы деле болсо жапайы экендигин көрсөттү», - деп кошумчалады Айылчы Сарыбаев

«Учурда Казакстанга экспорттолгон товарлардын көпчүлүгү мөмө-жемиштер болууда. Таластан Казакстан аймагына өтүү үчүн оор жүк ташыган унаалар кезекти бир-эки күн күтүп жатышат» - дейт ЖИАнын мүчөсү Уран Ниязалиев.

Ишкердин айтымында, тогуздун айынын (октябрь) жыйырмасында мамлекет тарабынан кыргызстандык жеке ишкерлердин жыйыны болуп, анда казактардын аймагына өтүүчү товарларды убактылуу токтото турууларын айтышкан.

«Минткен менен жылдап иштешип келе жаткан келишимдердин талаптарын бузуп, товарлар айтылган убакта керектүү жерлерге жеткирилбей калса, бизнес жаатта ажырым пайда болот. Аларда кыргыз ишкерлерине болгон ишеним кетип, башка мамлекеттерден бизнес өнөктөш издеп таап алышат. Ортодо миңдеген ишкерлер нан таап жеп жаткан потенциалдуу жумуштарынан айрылып жатышат. Убагында буйрутмаларды бере албасак, ар ким ар кандай мамиле жасап жатышат. Эми айла жоктуктан, товарларды темир жол аркылуу вагондорго жүктөп жеткирүү амалын ойлоп жатабыз. Вагонго жок дегенде 200 кишинин товарын жүктөш керек болот экен. Бул да ишкерлер үчүн өзүнчө көйгөй болуп турат» - дейт Уран Ниязалиев.

Көз карандысыз серепчи Айылчы Сарыбаев: «Канча жолу өкмөттө иштеген бир топ мыкты жигиттер кайра иштетүү ишканаларын курабыз, айыл-чарба продукцияларын биринчи, экинчи, үчүнчү деңгээлге чейин даярдап туруп, андан соң сатабыз десе, аларды да ойду-тоону сүйлөп жумуштан кетиришкен. Орусия Жапония, Кытай, Индия менен экономикалык алака түзүп, Иран, Түркия менен байланышын күчөтүп, дүйнөлүк экономикалык санкциядан кандай чыгып жатат. Биз да жалгыз казактын жолун карап отура бербей, туш-тарапка кете турган жолдорду карап, логистикалык завод фабрикаларды куруш керек. Фитосанитардык лабораториялар мындан 15-20 жыл мурун курулуш керек болчу. Жалаң эле ЕАЭБге кирген өлкөлөргө же Орусия жана Казакстанга эмес бүткүл дүйнө жүзүнө сатууга мүмкүнчүлүк алышыбыз керек. Биз ушул кадамдарды жасай албай жатып, кайра казактарга күнөөнү оодара салып жатпайбызбы. Казактардын мындай кылыгы биринчи жолу болуп жаткан жок да. Мурунтан эле Казакстан чек арасынан өткөн жүргүнчүлөр алардын мазактоолоруна, шылдыңына дуушар болуп эле келген. Анын баарын көрүп-билип туруп эле унчукпай келбедик беле?», - деди.

тогуз кемитилген сегиз канча болот?
67
Бүгүн Бишкекте Евразия чөлкөмүндөгү көйгөйлөр талкууланды
101
Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады
691
Инфографика: Чет өлкөдө канча кыргызстандык бар?
137
​Бишкек шаарынын жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 200 млн доллар керек
166
Таза суу маселеси талкууда
104
​Бишкекти курчап алган кара түтүн канткенде кетет?
109
​Депутат Абдимуктар Маматов: «К2, К3 ,К4 бензинин пайдаланууга тыюу салынат»
182
Сүйүнчү пул берүү тартиби кайдан башталат?
118
​Дастан Бекешев: "Бизде көз карандысыз журналисттер жок. Ушуну ачык эле айталычы..."
224
Жол жээгине мыйзамсыз курулган курулуштар ээсинин эсебинен талкаланат
301
Көп аялдуулук мыйзамы бизде кордолуп жатабы же корголуп жатабы?
145
​ Жол эрежесин бузган айдоочуларга карата катуу шарттар түзүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз