Дем-күч 1 ноября 2017 г. 11:20

459

None

Мына бүгүн да акыркы сабак аяктап калды. Окуучулар чыкканга аябай шашып жатышты. Дептер менен китептерин сумкаларына салышып, коңгуроо кагылары менен эшикке чыкканга даяр. Бир гана Азамат даярданган жок. Кеч чыгуу үчүн колунан келишинче башка нерселерди жасап жатты. Акыры коңгуроо кагылды. Окуучулар баары эшикке жанталашып чыгып кетишти. Бир гана Азамат ордунан козголгон жок. Окуу куралдарын шашпай жыйнаштырды. Бир чети мугалимин көзүнүн кыры менен карап, бир чети классташтарынын чыгуусун күтүп жатты. Мугалими анын бул кыймылын байкап калып:

– Азамат эмне болду?. Үйгө барбайсыңбы?
Азамат акыркы классташы чыккандан кийин жооп берди:

– Сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.
– Мейли сүйлөшөлү? - деди мугалими.
– Акылбек досубуз бар го…
– Ооба. Акылбекке эмне болуптур?
– Абалы анча эмес го. Апасы мектептен жегенге эч нерсе бере албайт экен.
– Анан?
– Ага жардам бергим келип жатат. Бирок, менин жардам берип жатканымды билсе таарынат. Күнүгө бир токочтун акчасын топтоп сизге берсем, сиз ага берсеңиз болобу?

Чөнтөгүнөн бир ууч акча чыгарып, партанын үстүнө койду. Таң калган Кенжебек агай акчага тийбей, отуруп ойлонду. Бул жакшы окуган жана сүйкүмдүү окуучусу ушунчалык ак ниет эле. Азаматтын үй-бүлөсү жакыр болчу ага карабай жардам бергиси келип жатат. Ал аз келгенсип жардам бергенин билдиргиси да келген жок.

Кенжебек агай:

– Азамат коё турсаң. Билишимче силердин да материалдык абалыңар анча жакшы эмес. Туурабы?

– Ооба, ошондой. Атам күнүмдүк жумуштар менен гана чектелет. Көп учурда жумуш таппайт. Бирок, мен дагы иштеп акча таап жатам.

– Каякта иштеп жатасың?
– Токоч сатып жатам.

Кенжебек агайды дагы ой басты. Ушунчалык жакшылыкка эмне деш керек? Мунун ишке ашуусу кыйын. Аны бул иштен баш тарттырууну ойлоду. Бирок окуучусунун көңүлүн оорутпашы керек. Балким, аны менен бир аз сүйлөшсө бир жолу табылып калар…

Кенжебек агай Азаматты карап:

– Чоңойгондо ким болгуң келет? - деп сурады.
– Эң бай ишкер…
– Эмне үчүн?
– Адамдарга көп жардам берүү үчүн…
– Жакшы, - деди Кенжебек агай. Эми Азамат, Акылбектин үй-бүлөсүнүн абалы начар, бул чындык. Бирок, силердики да андан айырмасы жок. Азыр шашпай тур. Аябай бай болгондо элдерге жардам бересиң. Кандай дейсиң?

– Жок болбойт. Азыр жардам беришим керек.
– Эмнеге болбойт?
– Анын үч себеби бар.

Биринчиси, бул акча ансыз деле меники эмес. Жакшылык жасаганым үчүн Жараткан мени адамдарга сүйкүмдүү көргөзүүдө. Адамдар да жактырып, көп токоч алып жатышат. Андыктан күнүгө башкалардан көбүрөөк токоч сатып жатам. А түгүл биздин райондо Асан байке күнүгө эки токочту көгүчкөндөргө берет.

Экинчиси, кичинемден мындайды үйрөнбөсөм, чоңойгондо эч кимге жакшылык жасай албай калам. Азыртадан жасабай муну бай боло турган убагыма калтырып койсом, бай болгондо да “дагы байыганда” жакшылык жасайм деп, өзүмдү алдап жүрө берем.

Үчүнчүсү, абдан маанилүү. Чоңойгондо аябай бай ишкер болгум келип жатат. Убагында эч нерсе кылбагандар эң бай ишкер боло алышпайт.

Кенжебек агай маңдайында чоң бир киши тургандай сезди:

– Үчүнчүсүн жакшы түшүнгөн жокмун - деди.
– Түшүндүрөйүн - деди Азамат. Азыр анча бай болбогондуктан, күнүгө бир токочтун акчасындай гана жардам бере алам. Мындан ашыгыраак бере албаймын. Жараткан бейишке колунан келишинче жакшылык жасагандарды киргизери анык. Азыр колумдан ушул эле келгенине байланыштуу мен үчүн бейиштин баасы бир токочтун акчасындай. Эгер бай болбой туруп каза болсом, анда бир нече токочтун баасы менен бейишке киришим мүмкүн. Мындан да жакшы нерсе барбы?

Кенжебек агай таң калып, Азаматка макул болгонсуп, “ооба” дегендей, аны үйүнө узатты.

Класска кирип баратса мектепте эч ким жок экен, буюмдарын жыйнаштырайын десе, үстөлүнүн үстүнөн Азаматтын таштаган акчасын көрдү. Айла жок акчаларды алды.

Ага бир да акча мынчалык барктуу болгон эмес. Дүйнөнүн эң кымбат баалуу асыл таштары, алтындары колунда тургандай. Жада калса, бул акчалар андан да кымбат. Бул акчалар бейишти сатып ала турганга тете. Такыр таштагысы келбей акчаны бекем кысып кармады.

Кенжебек агай отурган жеринен турган жок. Жан дүйнөсү башкача болгонун сезди. Жай жааган жаанга окшоп ыйлай баштады. Ыйлап кирди… Ыйлап жатты… жана да ыйлай берди.

Өзүнө келсе кеч кирип калыптыр. Акырындан басып бара жаткан Кулубек кароолчу, “токочтон түшкөн акчалар менен бейишке кирүү”, “токочтон түшкөн акчалар менен бейишке кирүү” деген сөздөрдү Кенжебек агайдын кайталап жатканын укту. Кароолчу абдан таң калып: “Кенжебек агай эмне дейсиз?” - деген сөзүн агай уккан да жок. Кенжебек агай кароолчунун таң калуусу менен күүгүмдү тосуп алды.

сегиз кемитилген үч канча болот?
Торобек
2018/04/25-08:52

Азаматтай уулдарга элибиз муктаж ! бирок азыноолак жерде алардын дабышы угулат ... ЭЛИМ БИР АЗ ЧЫДАГЫЛА ! АЛАРДЫН КАРААНЫ КОРУНУП КАЛДЫ !!!!!!

BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз