Коом 14 ноября 2017 г. 14:08

328

Бекжан Ишенбайтегин
Кабарчы

2018-жылдан тартып Кыргызстандын жарандары ажылык сапарга биометрикалык паспорт менен гана бара алышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы BUGUPRESS агенттигине кабарлады.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармасынын Ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев BUGUPRESS агенттигине буларды айтып берди:

“Негизи дүйнөнүн башка өлкөлөрү ажылыкка биометрикалык паспорт менен барышат. Бул дүйнөлүк стандарт жана замандын талабы. Ушуга байланыштуу биз да 2018-жылдагы ажылыкка биометрикалык паспорт менен каттоону баштайлык деп жатабыз.

Анткени буга чейин Сауд Арабиясына барган жарандарды алгач сүрөткө тартып алып, андан кийин бармак издерин сканерлеп алышат. Мындайча айтканда, баары бир жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуп алышат. Андыктан биз убакыттан утуу үчүн жана ажылыкка барган жарандарыбыздын каттоодон өтүүсүн жеңилдетүү максатында жогорудагыдай чечимди кабыл алдык”.

2017-жылы Сауд Арабиясына ажылык үчүн дүйнөнүн 168 мамлекетинен 2 миллиондой киши барган. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын Королдук канцеляриясынын кеңешчиси Алюш аз-Зияди чет элдик ЖМКларга маалымат берген.

Маалыматтар боюнча Мекке шаарына баруу үчүн дүйнөнүн көп мамлекеттеринин жарандары биометрикалык паспорт менен барышат. Бул тууралуу Ж. Абдылдаев "Кыргызстандын жарандары 2018-жылы ID паспорту менен берген биометрикалык паспорт менен барышат. 2019-жылы болсо чет элдик биометрикалык паспорт менен Мекке шаарына бара башташат" – деди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын маалыматы боюнча быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 4885 киши барып келген. Кийинки жылга 5000дөй квота бөлүнөрүн айтышты.

беш кемитилген эки канча болот?
35
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
104
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз