Коом 4 декабря 2017 г. 16:20

629

Наргиза Байөмүрова
Кабарчы

«Чек ара боюнча жол картаны бештин (декабрь) айында даярдайбыз» - деп Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйынында, Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусунан кийин билдирген.

"Нурсултан Абишевич менен азыр болуп жаткан бардык көйгөйлөр боюнча сүйлөшүп, бир чечимге келдик. Жол картасы боюнча эки мамлекеттин өкмөттөрү иш алып барууда. Бештин (декабрь) айында бул багыт боюнча иштерди аяктайбыз. Чек арада казак тараптан да, кыргыз тараптан да, ошондой эле ЕАЭБ жактан да көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери сүйлөшүлгөн мөөнөттүн ичинде чечилет" - деди Жээнбеков.

Кыргыз-казак чек арасы жабык болгондуктан, Түштүк Казакстанда азык-түлүккө жана жашылча, жер-жемиштерге болгон нарк көтөрүлүп кеткендигин “Казакстан-Жаңылыктары” маалымат агенттиги жазып чыккан. Андыктан, мындай кырдаалда эки тарап тең бирдей өлчөмдө залакасын тартары ачыкталды.

Облустук өнөр жай жана ишкерлик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Роза Назарбекованын маалымдашынча, бул аймакта жер-жемиш 30%, жашылча жемиш 16%, ал эми сүт азыктары төрт пайызга кымбаттаган.

Чек аранын жабылышынан карапайым калк жабырланууда деген пикирди карманган Казакстандын “Абырой” жаштар кыймылы Астанада нааразылык иретинде флешмоб акциясын өткөрүштү.

«Биз бул акцияны "казак-кыргыз бир тууган" деген принципке негизденип туруп өткөрдүк. Ар бир министрге (бирок, баарына тапшыра алган жокпуз) бирден алма сундук. Анын негизги маңызы алманын азыркы жана мурунку баасын айырмалап көргөзүү. Биз алманы мисал иретинде гана көрсөттүк. Ошондой эле ар бир министрге өзүбүз жазган катты тапшырдык. Алар бир чечим чыгарат деген ойдобуз. Чек аранын жабылгандыгынан соода-сатык токтоп, бул жакта соода-сатык менен эмгектенген кыргыз ишкерлери жана карапайым айдоочулары Казакстанга бажыканадан өтө албай турушат» - деди “Абырой” жаштар кыймылынын башчысы Азамат Жетписбаев.

Акыркы эки айдан ашуун убакытта чек ара жабык болгондуктан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү аркылуу Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 45%га төмөндөп кеткен.

Ал эми Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин башчысы "чек аранын жабылышы майда ишкерлерге таасир этип, баанын кымбатташына да шарт түзүүдө" деген пикирде.

«Биринчи кезекте Казакстан менен иштешкен ишкерлердин соодасы токтоп калды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Алматы, Тараз шаарларында азык-түлүк, жер-жемиштер кымбаттап кетиптир.

Бул эмнеден кабар берет? Кыргызстан Казакстанды арзан азык-түлүк, кийим-кече менен камсыз кылган өлкө катары кызмат кылып келгенин бүгүнкү фактылар тастыктап турат», - деди Чыныбай Турсунбеков.

Буга чейин Кыргызстан тарап гана чек араны ачууну талап кылып келишкен болсо, азыркы маалда Казакстандын жарандары да ушундай билдирүүлөр менен чыгышууда.

Анын себеби баанын көтөрүлүшү жана эки жакта тең ишкерлердин чыгымга учурап жаткандыгына байланыштуу экендиги белгиленүүдө.

Быйыл өткөн айда талапка ылайык келбеген азык- түлүктөр 23,4 пайызды түзгөн. Ошол себептен Казакстан Кыргызстандан барган эт, сүт жана кондитердик азыктарды киргизүүгө чектөө киргизген эле. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин маалымдагандай, аталган азыктарды текшерүү коопсуздук үчүн күчөтүлгөн. Бул жылы Кыргызстандан азык-түлүктөрдү сатып алууда 826 административдик укук бузууларга карата соттун 415 токтому чыкканын айткан, анын ичинен 360 арызды сот канааттандырып 19,5 миллион теңге айып салынган.

Айыл-чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин билдиришинче канча жылдан бери эч маселе жаратпай өтүп жүргөн азыктарга акыркы 2 айдан бери тыюу салынды. Биздин азык-түлүктөрдүн сапатына шек жок. Кыргызстандын лабораторияларынын дээрлик баардыгынан текшерилип өткөн азыктар гана экспорттоого уруксат алат . ЕАЭБде каралган стандартка да толук жооп берип келген.

Казакстандын акылдуу адамдары стратегиялык кадам катары бул жагдайды мындан 2,3 жыл мурда эле ойлонгон да… алар өздөрүнүн экономикалык базарын коргоо үчүн ушундай кадамдарды жасашты дейт экономикалык серепчи Искендер Шаршеев.

Бүгүн Tengrinews.kz. маалымат агенттигине казак эксперти Санат Кушкумбаев Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы чек ара маселесин жолго салуу максатта «жол картасы» ийгиликтүү түзүлөрүн айтты. «Казак президентине таандык болгон сапатынын бири катары, ал эки тараптуу дипломатиялык жолугушууну жөнгө салды. Кыргызстан мамлекетинин өкүлдөрүнүн суранычы менен эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүп, чек ара маселесин чечишти» - деп билдирди Кушкумбаев.

Ал өз сөзүндө, Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдон токтоолукту , эрктүүлүктү жана ашкере саясий албууттукту кылбасын күтөт деп маалымдады.

Белгилей кетсек, бештин (декабрь) айынын экиси күнү Казакстан жана Кыргызстан өкмөтүнүн ортосунда чек ара «жол картасына» кол коюлган. Анда бештин (декабрь) айынын үчүнөн тарта чек ара бекеттериндеги күчөтмө текшерүүлөр алынары айтылган.

жети кошулган үч канча болот?
36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
105
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз