Коом 6 декабря 2017 г. 11:11

152

None

Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьер-министрлик кызматка парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, анын талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуштады.

Кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып өкмөт башчы Исаков Шадиевдин талапкерлиги Конституциянын бештин (декабрь) айынын бириндеги күчүнө кирген беренелерине ылайык көрсөтүлүп жатканын айтты.

Баш мыйзамдын 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, анын депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат.

А.Шадиев 1969-жылы үчтүн (январь) айынын отуз биринде Лейлек районунун Гөлбө айылында төрөлгөн.
1988-жылы Фрунзе политехникалык техникумунан техник-механик адистигин алып чыккан.
1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган.
1999-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистигин алып чыккан.
А.Шадиев 1993-жылы «Сфера» ишканасынын башкы эсепчисинин орун басары болуп иштей баштаган. Кийин «Азнур ЛТД» жана «Корпорация Датка» ишканаларында иштеген.
2000-2002-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болгон.
2002-2003-жылдары Финансы министринин орун басары.
2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору
2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты. 2007-жылдын бештин (декабрь) айынын жыйырмасындагы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
2007-жылдын бештин (декабрь) айынын жыйырма бешинде Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин жетекчиси болуп шайланган. 2009-жылдын жетинин (ноябрь) айынан тарта Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жетекчиси. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде БШК депутаттардын ыйгарым укуктарын токтоткон.
2010-жылдын бештин (декабрь) айынан 2011-жылдын бештин (декабрь) айына чейин Экономика министри. 2012-жылдын аяк оона (сентябрь) айынын алтысында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен министрлик кызматынан бошотулган.
2015-жылы тогуздун (октябрь) айынын жыйырма жетисинде «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.
2015-жылдын жетинин (ноябрь) айынын алтысынан 2016-жылдын жетинин (ноябрь) айынын он төртүнө чейин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетин жетектеген.
2016-жылдын жетинин (ноябрь) айынын жыйырма үчүндө Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси болуп дайындалган.
2017-жылдын бештин (декабрь) айынын бешинде премьер-министр Сапар Исаков аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин отурумунда вице-премьер-министрлик кызматка талапкер катары көрсөткөн.
Аскарбек Шадиев жубайы экөө 5 баланын ата-энеси.

үч кошулган он канча болот?
36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
104
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз