Коом 12 января 2018 г. 11:44

154

Наргиза Байөмүрова
Кабарчы

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө өлкөдөгү коопсуздукту жогорулатууга, анын ичинде жол кырсыктарынын санын азайтууга, кылмыштарды ачыктоого, террористтик жана криминалдык коркунучтарга жооп кайтарууга багытталган «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясынын жардамы менен ишке ашыруу үчүн эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Долбоор алгач Бишкек, Ош шаарларынын аймагында жана Бишкек-Ош жана Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолдорундагы, Бишкек – «Манас» Эл аралык аэропорту» трассасында фото жана видео көзөмөлдөр орнотулуп, техникалык милдеттерде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылат. Салынган инвестициялардын көлөмү болжолдуу түрдө 60 млн. АКШ долларын түзөт.

Жабдуулар жана программалык камсыздоолор менен иш алып баруучу адистерди даярдоо да инвесторлордун атынан чыккан. Шаарларга жана жолдорго жабдыктарды «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» компаниясыны өзү орнотсо,«Ака минералз энд майнинг» ачык акционердик коому адистерди окутуу менен алектенет.

Долбоор элементтери эксплуатацияга киргизилген соң, инвестор келишим мөөнөтү бүткүчө долбоор элементтеринин техникалык жактан иштешин жана кароосун камсыздоого, ошондой эле программалык камсыздоону жана анын лицензиясын жаңыртууга жана жалпы программалык камсыздоого жабдууларды жана коддорду Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүүгө милдеттенет.

Долбоордун операторун ишке киргизүүнү жана эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Мындан тышкары, өз ыйгарым укугунун чегинде ал «Huawei TechnologiesCo., Ltd» компаниясына жана инвесторго колдоо көрсөтөт.

Аталган долбоордун ишке ашырылышы шаар көчөлөрүндөгү коопсуздукту жогорулатууга, негизги магистралдарды, кесилиштерди, коомдук жайларды камтууга мүмкүндүк берип, жол кырсыктарындагы талаш абалдарды негиздүү чечүүгө, ошондой эле криминалдык жана террористтик коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет.

Инвестициялык келишим алкагында инвестор долбоорду ишке ашыруунун толук наркын төлөп берүүгө милдеттенме алат. Инвестор иштерди аткаруу жана төлөө максатында жеке, же займдык каражаттардын эсебинен долбоордун жалпы наркынын 100 пайызын каржылайт.

жети кемитилген төрт канча болот?
36
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
104
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз