Көйгөй 12 января 2018 г. 15:27

302

Наргиза Байөмүрова
Кабарчы

Кыргыз Республиканын бардык жарандарыбаш ийип жашаган мыйзамдардыЖогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталып, талкууланып , колдоо таап кабыл алынат. Андыктан, дин аалымы Чубак ажы экинчи аял алганын билдирип, бул кадамы менен башкаларга үлгү болууну максат кылган билдирүүсүмыйзамдуубу? Аалымыбызбашкы мыйзамга каршы чыктыбы же ал диндеги мыйзамдарга тууралап жатабы ? Бул туурасындадепутат айымдардын ойлорун ортого салсак.

Эркек депутаттардан айырмаланыпэки аялдуулукка каршы аял депутаттар болдук. Социалдык багыттагыдолбоор мыйзамдар негизинен аялдардын психологиясына жакын келет. Үй-бүлө институтун бекемдөө максатында ошол тартышка түшкөн КРнын 153- беренесин сактап калдык. (Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 153- беренеси : Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, -эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп каралган) деп, Айнуру Алтыбаева «Bugupress» агенттигине маалымат берди.

«Туура. Мыйзам балким иштебей жатат. Бул жерде биз көбүрөөк балдардын кызыкчылыгын колдодук. Балдаржаран катарытолук үй-бүлөдөкалыптанат. Эки аялдуулуктун аркасында сөзсүз түрдө мүлк бөлүшүү, талаш- тартыш, уруш күчөйт. Башка маселелер жаралат. Ал сөзсүз түрдө баланын психологиясына терс таасирин тийгизет» дейт депутат Алтыбаева.

2018-жылдын үчтүн (январь) айынын биринен тартып жаңы кылмыш кодексинин жаңы беренеси даярдалып, сот тармагы, прокуратура жана жактоочулар тарабынан дагы иштелип жатат. Ушул мыйзам ЖКнын талкуусунан өтүп жатканда биздин эркекдепутат кесиптештерибиз « 153- берене, ким эки аялдуулук үчүн ушул күнгө чейин жазаланды андыктан ал иштебеген берене» дешти.

Өткөн ЖКнын кереге кеңешинде айрым эркек депутаттарга барып көп аялдуулук боюнча сүйлөйсүздөрбү десем "жок, биз муну колдойбуз" дешти. Бирок аны ачык айтпай жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева билдирди.

"Анда мыйзамды көзөмөлдөп эмнеге отурасыңар дедим. Алар трибунадан чыгып 153-беренени алып салалы деп ачык айтуудан да, көп аялдуулукка каршы чыгуудан да коркушууда. Себеби алар кадыр-баркына доо кетет деп чочулап жатышат. Кептин баары көмүскө макулмун деп ачыкка чыкпай жаткандарында болуп жатат", — деди ал.

Касымалиева бул окуя боюнча муфтият дагы расмий билдирүү жибериши керектигин айтты.

Ал ошондой эле экинчи аял алууга уруксат берүү менен сойкулукту жоюп жатабыз деген айрым түшүнүктөр туура эместигине токтолду.

"Баары экинчи аялдыкка жаштарды алат. Улуу аялдарды алганын көргөн эмесмин. Чубак ажы деле анда 50 жаштагы аялды албайт беле. Экинчи аялдыкка алууга уруксат берүү менен сойкулукка каршы турабыз деп жатышат. Бирок ажырашканда ал аялдар көчөдө калып жатпайбы?" — деп эл өкүлү суроо салды.

Жогорку Кеңештан дагы бир депутат айымы Айсулуу Мамашева: «Кыргызстанда эркектер аялдарды урматтабай калды. Ага далил катары үй-бүлөдөгү ажырашуулар көптүгүн айтсак болот» деди. Анын айтымында, КРнын Улуттук статистикалык маалыматына ылайык жыл сайын 15 миң нике катталат. Алардын 5 миңи 1 жылдын ичинде ажырашып кетишет. мурда керек болсо согуш убагында да күйөөлөрү аялдарын жана балдарын жетим кылыпташтап кеткен эмес. Азыркы күндө дин аалымыбыз баш болуп элди эки анжы ойго түрткөнү жакшы эмес»деди.

Эске салсак, ЖКнын экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу көп аялдуулук маселесин көтөрүпколдоп чыккан эле. 2010-жылдагы апрель коогалаңынан кийинкоомдук активисттерэкс- президент Курманбек Бакиевди көп аялдуулук беренеси менен камакка алуу тууралуу арыз мененукук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок, алар тараптан аталган берене менен кылмыш иши козголгон эмес.

сегиз көбөйтүлгөн эки канча болот?
67
Бүгүн Бишкекте Евразия чөлкөмүндөгү көйгөйлөр талкууланды
101
Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады
691
Инфографика: Чет өлкөдө канча кыргызстандык бар?
137
​Бишкек шаарынын жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 200 млн доллар керек
166
Таза суу маселеси талкууда
104
​Бишкекти курчап алган кара түтүн канткенде кетет?
109
​Депутат Абдимуктар Маматов: «К2, К3 ,К4 бензинин пайдаланууга тыюу салынат»
182
Сүйүнчү пул берүү тартиби кайдан башталат?
118
​Дастан Бекешев: "Бизде көз карандысыз журналисттер жок. Ушуну ачык эле айталычы..."
224
Жол жээгине мыйзамсыз курулган курулуштар ээсинин эсебинен талкаланат
302
Көп аялдуулук мыйзамы бизде кордолуп жатабы же корголуп жатабы?
145
​ Жол эрежесин бузган айдоочуларга карата катуу шарттар түзүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз