Чубак Сатаевдин “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.
СССРдин жана Кыргызстандын ырчы, аткаруучу, обончусу Чубак Сатаев 1960-жылы үчтүн (январь) айынын он үчүндө Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Андагы талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт. Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургуналы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, "сен олуттуураак ырларга өт" деген Нурматовдун сөзү менен бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элинин кулагына сиңип калган атактуу ырларын чыгара баштайт.
Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, "кежигем тырышып жатат" деп жыгылып калган. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, анын мээсине кан куюлуп кеткен.
Чубак Сатаевдин өтө кыска өмүрүндөгү ырдалбай калган ырларын уулу Кубаныч Сатаев ырдап, атанын өнөрүн улай, ырчылык менен алектенип келет.