Экономика 13 января 2018 г. 12:15

123

Наргиза Байөмүрова
Кабарчы

Жогорку кеӊеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин демилгеси менен «Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоорунун негизги максаты салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фрактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук башкаруу жана аны аралыктан башкаруу усулун киргизүү чараларын ишке ашырууга укуктук негиз түзүү болуп саналат.

«Мында ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн товарларын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт», - деп, тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев иш-чара катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Иш-чара жүрүшүндө жасалган баяндамалардан улам, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга да айрым бир түшүнүктөрдүн маансин тактоо жаатында түзөтүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду. Мисалы, сынактык талдоо – инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумушту, тейлөө кызматын ж.б.у.с.ларды берүү боюнча жеӊүүчү аныктала турган жүрүм.

Андан тышкары, инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүү жакты сынактык тандоо усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы тууралуу жобо да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, инвестициялык долбоорлор боюнча мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдердин кабыл алынуу жүрүмүн кыйла тездетет.

бир кемитилген бир канча болот?
63
Орусиялык 50 ишкер бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту
392
Биткоин же криптовалюта тууралуу эксперттер эмне дешет?
176
Вашингтон менен Москванын тирешүүлөрү. Ким жеңишке жетет?
118
​Бир айдын ичинде үчтөн бир бөлүгүн жоготкон биткоинге тыюу салынабы?
323
Биткоин
123
Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү сунушталды
96
Улуттук банктын эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү каралууда
405
Кыргыз Республикасы кайсы президенттин тушунда канча карыз акча алган?
4508
Кыргызстанда дүйнөдө жок акча чыкты
201
2018-жылга карата республикалык бюджеттин бөлүнүшү
962
​Кубан Абдымен: “Кытайды Кыргызстандын экологиялык таза продуктылары кызыктырат”
945
​Казакстандын премьер-министри Б. Сагинтаев: "Кыргызстандын айынан ЕАЭБ миллиарддаган долларды жоготту"
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз