Коом 13 марта 2018 г. 17:14

934

Саната Чолпонбекова
Кабарчы

Эң кичинекей мамлекет Тувалу жөнүндө кызыктуу фактылар

Тувалу – Полизенияда жайгашкан кичинекей мамлекет. Бирок бул өлкө жөнүндө көп кызыктуу фактылар бар. Тувалу Тынч океандагы үч маржан рифинен жана алты коралл аралынан турат. Кургак жердин жалпы аянты 26 чарчы метрди түзөт. Аралдар болсо бири биринен алыс 67 километрден 172ге чейин аралыкта жайгашкан.Тувалунун асфальттанган жолдорунун узундугу сегиз километрди гана түзөт. Калкынын санынын аздыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде Науру жана Ватикандан кийин үчүнчү орунда турат. Калкынын саны 10 000ге жетет. Алардын 94%ы тувалу элинин өкүлдөрү. Чет өлкөлүктөрдүн саны эки жүздөн ашпайт.

Аралдын жашоочулары үчүн эң баалуу байлык таза суу болуп саналат. Себеби аралда таза суу жокко эсе. Эл жаандын сууларын сактап, колдонушат. Таштандыны утилизациялоо маселеси дагы маанилүү көйгөйлөрдүн бири. Аны ыргытууга жер жок, жыл сайын таштанды көбөйүүдө.

Тувалуда куралдуу күч жок, бирок полиция бар. Криминал дагы бул жерде өрчүгөн. Жылына эки миңге жакын кылмыш иши катталат. Ар бир жанга ИДӨ жылына 1600 долларды түзөт. Эң негизги киреше балык уулоодон кирет. Тувалу эң кедей мамлекеттердин катарына кирет. 1976-жылдан бери доллар колдонула баштаган. Жергиликтүү доллар тыйын түрүндө гана колдонулат, ал эми купюра катары мурунку австралиялык доллар колдонулат. Бул өлкөнүн коллекционерлеринин дагы тыйынды баалоосунун себеби ушундан улам анык. Тувалу туризмден жакшы каражат таба алат деп көбү эсептейт, бирок алыскы аралга барууну каалагандардын саны анча деле көп эмес, жылына миңге жакын гана турист келип кетет. Тувалуда бир эл аралык аэропорт бар. Бул жердин спортсмендери да атактуу эмес, бирок өздөрүнүн футболдук клубу бар. 1972-жылы “Бебе” циклону Тувалунун үйлөрүн, имараттарын кыйраткан. Шаарды кайрадан курушкан. Чет элдик башчылар дагы бул жерге көп келе беришпейт. Эгер биздин планетада глобалдык жылуулануу болсо Тувалу биринчи жабыр тартуучу болот. Бул таң калычтуу деле эмес, себеби эң бийик жери деңиз деңгээлинен беш метрге гана бийик. Ушул себептен улам Тувалунун өкүлдөрү климатка байланышкан бардык эл аралык форумдардын катышуучулары.

бир көбөйтүлгөн бир канча болот?
37
Кыргызстандан эки окуучу эл аралык олимпиадада алдыңкы орундарга татыды
105
Митинг: Комбинатты жалпы Тогуз-Торо эли өрттөдү
45
​БУУ реформалоого муктаж
69
Бишкек-Нарын-Торугарт жолдору мезгил-мезгили менен жабылат
16
Өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду
22
​Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 475 ардагери жашайт
221
​Жүрөгү ооруган Калиев тергөө ишинин алкагында ооруганын колдоно алабы?
27
​Улуу Британияда Елизавета II акыркы корги итин уктатып салышты
134
​Куба өлкөсүнүн жаңы лидери Мигель Диас-Канел
123
Свазиленддин королу өлкөнүн аталышын өзгөрттү
299
​Соц тармакта Исаковдун отставкасын кандай кабыл алышты?
46
Тогуз-Торонун 15 тургунуна тийиштүү чаралар көрүлдү
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз