Коом - 292

А. Атамбаев маданият кызматкерлери үчүн салынып жаткан курулуш иштерине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, жетинин (ноябрь) айынын жыйырма үчүндө, маданият кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды.

Мамлекет башчысы турак жайлар курулчу жерди кыдырып көрүп, долбоордун башкы планы менен таанышып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаев маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушунун башталышы абдан маанилүү окуя экендигин айтып, мындай социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Капсуланы салып, Мамлекет башчысы көп батирлүү үйлөрдүн курулушун жүргүзүү боюнча бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырма берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин тапшырмасы менен маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга 340 миллион сом бөлүнгөн. Көп кабаттуу 4 турак жай 216 батирге эсептелген.

бир кошулган үч канча болот?
Мээрим

Бишкекте ле салынабы? Региондордо иштеген маданият кызматкерлери учун да салынабы ? Мисалы. Караркол

BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз