Коом - 96

​Премьер үчүнчү Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн болжолдуу датасын айтты

Премьер-министр Сапар Исаков үчүнчү Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн болжолдуу датасын айтты.

Бүгүн, жетинин (ноябрь) айынын жыйырма үчүндө болгон парламенттин жыйынында Камчыбек Жолдошбаев («Өнүгүү-Прогресс) эмне үчүн Көчмөндөр оюну аяк оона (сентябрь) айында өткөрүлөрүнө кызыкты.

«Эмне үчүн оюндарды кулжа (июнь) же теке (июль) айларында өткөрүүгө болбойт?» деген суроосун берди.

Буга жооп катары премьер иш-чара аяк оона (сентябрь) айында туристтик мезгилди созуу үчүн өткөрүлөт деп айтты.

«Көчмөндөр оюндарын эмне үчүн кулжа (июнь) же теке (июль) айларында өткөрүүгө болбойт деген маселенин бир нече себеби бар. Биринчиден, эгерде биз оюнду жай айларында өткөрсөк, анда конокторго жетиштүү түрдө орун болбойт. Көп эл келип ызы-чуу катталат. Экинчиден, биз туристтик мезгилди узарткыбыз келет. Азыркы учурда оюндарды өткөрүүнүн 3 варианты бар: баш оона (август) айынын жыйырма беши, аяк оона (сентябрь) айынын бири же сегизи» - деди премьер.

алты кемитилген үч канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз