Коом - 69

С. Исаков Кыргыз Республикасындагы JICA туруктуу өкүлү Казухико Кикучи менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучи менен жолугушту.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-жапон мамилелери жогорку деңгээлде турат.

Премьер-министр өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга активдүү катышуусу үчүн JICAга ыраазычылык билдирди.

«Биз санариптик трансформация өлкөдө коррупцияны жоюуга, республикалык бюджеттин кирешесин жогорулатууга, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга кеткен чыгымдарды жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз», – деп белгиледи Сапар Исаков.

«JICA» менен кызматташуунун келечектүү тармагы катары электрондук саламаттык сактоо болуусу керек. Мамлекет саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктураны модернизациялоого бардык күч-аракетин жумшайт. Бирок бизге электрондук медицинаны: электрондук рецепт, телемедицина, аралыктан дартты аныктоо жана дарылоо, дарыгерлерди окутуу, дары-дармектердин автоматташтырылган маалыматтар базасы, тейлөөнү жакшыртуу, анын ичинде электрондук кезек күтүүнү, бейтаптардын электрондук карталарын жана башкаларды киргизүү үчүн жапон жетишкендиктери (ноу-хаусу), билим жана технологиялар керек», – деди Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Сапар Исаков жапон тарапка Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты реконструкциялоого көмөк көрсөтүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Кыргызстандагы Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучи Премьер-министр Сапар Исаковго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди жана акыркы жылдардагы кыргыз-жапон мамилелеринин тереңдеп бара жаткандыгын белгиледи.

«Таза Коом» программасы – абдан келечектүү долбоор. Анда бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөр камтылган, аны адамдар жашоосундагы сапаттуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү үчүн социалдык секторду өнүктүрүүгө багыттоого болот. «Таза Коом» – бул экономика жана социалдык сектор ортосундагы мыкты теңдештирүүчү күч», – деп белгиледи Казухико Кикучи.

сегиз кемитилген үч канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз