Коом - 75

КР менен Орусиянын аскердик кызматташуусу тууралуу келишим ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын кулжа (июнь) айында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын бештин (декабрь) айынын жыйырма биринде кабыл алынган.

Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишим мамлекеттердин улуттук куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарындагы аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү механизмин өнүктүрүү жана Куралдуу Күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн, атайын кызматтарын куралдардын жогорку натыйжалуу жана келечектүү системалары менен жабдуу жана жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүү максатында түзүлгөн.

Ошондой эле бул Келишимди ратификациялоо коргоо өнөр жайынын ишканаларына биргелешип иштөө үчүн шарттарды түзүп, эки тараптуу аскердик кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүүгө, коюлган маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кубаттуулугун арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

төрт кемитилген үч канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз