Коом - 524

Атамбаев Ысык-Көлдөгү “Алтай көчмөнү” форумун расмий ачты

Ысык-Көл облусундагы Чоң Сары-Ой айылында “Алтай көчмөнү” форуму расмий ачылды.

Иш-чаранын ачылышына Кыргызсын, Башкортастандын жана Татарстандын президенттери катышты.

Экспозиция «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумунун алкагында түзүлгөн.

Экспозиция музейдин ичинде жайгашып, алтай көчмөн элинин жашоо образына арналат. Анда 500дөн ашык экспонаттар коюлган. Музейдин коноктору мыкты экспонаттар менен таанышат.

Мындан тышкары аймактын борборуна 30 боз үйдөн турган жандуу музейдин коюулушу да пландалган. Анда алтай көчмөн элдеринин жашоо образы сүрөттөлөт.

Ошондой эле форумдун ачылышында ар бир алтай эли ыр, бий тартуулап, алтай цивилизациясынын атайын маданий-этнографиялык программаларын, масстер-класстарды көрсөтүшөт.

«Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму Бишкекте башталып 23-июлга чейин болот. 21-22-июлда форум Ысык-Көлдө өтөт.

он кемитилген үч канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз