Коом - 94

Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын сүрөт сынагы старт алды

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча балдардын сүрөт сынагы старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги "Балажан" эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борбору менен биргеликте уюштурууда.

"Улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган эл аралык сүрөт сынагына катышууга 8 жаштан 17 жашка чейинки өлкө аймагындагы бардык балдар чакырылат. Ага чет өлкөнүн өспүрүмдөрү да катышса болот. Тандалып алынган сүрөттөр Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өткөрүлө турган көргөзмөгө коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Эмгектер 2018-жылдын жалган куран (март) айынын жыйырмасына чейин "Балажан" борбору тарабынан кабыл алынат.

эки кошулган сегиз канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз