Спорт - 104

Кореядагы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында КРнын желегин Т. Жаркымбаев көтөрүп чыгат

Кыргызстандык спортчу Тариэль Жаркымбаев 2018-жылы Түштүк Кореяда өтө турчу кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат.

Кышкы оюндардын ачылыш аземи бирдин (февраль) айынын тогузунда Пхенчхан шаарында өтөт.

Кыргызстандын атынан эки спортчу ат салышат – Евгений Тимофеев (тоо лыжасы) жана Тариэль Жаркымбаев (лыжа тебүү). Алар кечээ, бирдин (февраль) айынын төртүндө Астана аркылуу Кореяга учуп кетишти.

бир көбөйтүлгөн эки канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз