Коом - 94

Алай районунда жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматтары боюнча 2018-жылдын бирдин (февраль) айынын беши күнү саат 05:03тө эпицентрде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн очогу: Кыргызстандын аймагында, Алай кырка тоосунда, Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышка, Талды-Суу айылынан 24 чакырым түштүккө, Ачык-Суу айылынан 38 чакырым чыгышка, Нура айылынан 83 чакырым туштүк-батышка, Ош шаарынан 112 чакырым түштүк-чыгышка карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү: Бар-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

жети кемитилген жети канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз