Коом - 82

Токмоктогу үч кишиден жасалма акчалар табылды

Токмок шаарындагы жатаканада жашаган шектүү жаранды тинтүү учурунда шкафтан жасалма 500 сом номиналындагы 143 купюра, 200 сом номиналындагы үч купюра жана 100 доллар табылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милиция билим берүү мекемесинде иштеген 22 жаштагы шектүү жарандын изине түшүп кармаган. Алынган далил буюмдарга сот-техникалык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалымат боюнча жасалма акча түстүү принтерден чыгарылган.

Андан сырткары, текшерүү учурунда ушул эле жатаканада жашаган 26 жаштагы жаран да кармалып, анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн шек жараткан үч 500 сомдук табылган. Шектүү жарандар жасалма акчаларды таратууга жетишпей калган.

Милиция кызматкерлери Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирин дагы тинтүүгө алып, шек жараткан 158 даана 1000 сомдук, 20 даана 200 сомдук, 500 евро жана эки даана жүз доллар алынган. Андан сырткары, компьютер менен түстүү принтерлер дагы табылган.

Учурда тергөө амалдары уланып, бул ишке тийиштиги бар башка кишилерди аныктоо аракеттери көрүлүүдө.

он кемитилген беш канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз