Коом - 70

С. Жээнбеков: "Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын башкы бюджет жаратуучу сектору"

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бирдин (февраль) айынын жетисинде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн өнөр жай, энергетикалык тармактагы учурдагы абал жана аларды өнүктүрүү келечектери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагынын өлкөнүн экономикалык турмушундагы маанисин белгиледи.

“Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын башкы бюджет жаратуучу сектору болуп саналат, калкты жумуш орундары менен камсыздайт. Тоо-кен өнөр жайынан келип жаткан акча каражаттары социалдык секторду каржылоого, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жумшалат”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы. Ал тоо-кен компанияларынын ишмердигине байланыштуу маселелерди саясатташтырууга жол бербеш керектигин билдирди.

Мамлекет башчысы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кен байлыктарын колдонуу укугуна ачык конкурс жана аукцион өткөрүү жолу менен жер-жерлерде социалдык нааразычылыкты жокко чыгарууга болорун белгиледи.

«Тоо-кен өңдүрүү тармагы кичи шаарлардын жана айылдардын өнүгүүсүнө жана ошондой эле жер-жерлерде эмгек ресурстарын бекемдөөгө көмөк болушу керек», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов геологиялык изилдөө иштерин кеңейтүүнүн келечеги, өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүгө укук алуу үчүн ачык аукцион жана конкурстарды өткөрүү жана лицензиялоо жөнүндө айтып берди.

Ал Президенттин “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын негизги максаттарына шайкеш келген 2018-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча Программасы иштелип чыгып жатканын билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 9 алтын кени иштетилип жатат, дагы 5ти ишке киргизүү пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өнөр жай объектилерди ишке киргизүүнү аймактарда ылдамдатып, дүйнөлүк экономикалык коомчулукка интеграция болуу үчүн санарип технологияларга өтүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

жети көбөйтүлгөн эки канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз