Коом - 63

Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берилет

2020-жылга айыл чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыяларды берүүгө бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтү бирдин (февраль) айынын он төртүндө “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоорун бекитти. Ага ылайык, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы үчүн жылына 10 пайыз, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына 6 пайыз менен, багбанчылык 8 жылдык үстөк менен насыяларды берүү улантылат. Насыяны берүү мөөнөтү үч жылга эсептелген.

Министрликтин маалыматы боюнча, каралган каражаттын 50 пайызы мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка 25 пайызы жана кайра иштетүүгө 25 пайызы берилет.

сегиз көбөйтүлгөн жети канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз