Коом - 71

"Достук" чек ара бекетинде 14 кабина иштеп жатат

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жалган куран (март) айынын төртүнөн тарта кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинде ары-бери өткөн жарандарды тейлөөчү кошумча төрт кабина иштей баштады.

Бирдин (февраль) айында чек арадан өткөндөрдүн көбөйгөнүнө байланыштуу жарандар 5-6 сааттап кезекте турууга мажбур болуп жаткан.

Жалган куран (март) айынын үчү күнү вице-премьер-министр Дайырбек Кенекеев аталган чек ара бекетине барган.

эки кошулган эки канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз