Коом - 286

​Кыргызстан эң бактылуу өлкөлөрдүн тизмегинде канчанчы орунда?

БУУнун туруктуу өнүктүрүү жолун издөө боюнча бөлүмү эң бактылуу өлкөлөрдү аныктаган The World Happiness Report аттуу докладын жарыялады.

Рейтингге 156 мамлекет кирген. Эң бактылуу өлкө катары биринчи ирет Финляндия аталды. Экинчи орунда Норвегия, үчүнчү Дания болду. Төртүнчү менен бешинчи катарды Исландия менен Швейцария ээлеген. Ондукка Нидераланддар, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия кирди.

Кыргызстан былтыр 98-орунда болсо, быйыл 92ге чыкты.

Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан алдыда 44-орунда келе жатат. Анын артында Казакстан 60-орунда, Түркмөнстан 68-орунда. Тажикстан бир жыл ичинде 16 сапка көтөрүлүп 80-орунду ээледи.

"Эң эле бактысыз" болуп Түштүк Судан (154-орун), Борбордук Африка республикасы (155-орун) жана Бурунди (156-орун) эсептелди.

Рейтинг түзүүдө киши башына эсептелчү ИДП, жашоонун узактыгы, оор кырдаалда социалдык колдоо көрсөтүү, өкмөткө болгон ишеним, чечим кабыл алуудагы эркиндиктин бааланышы сыяктуу факторлор эске алынган.

он кемитилген алты канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз