Коом - 69

Өкмөт мектептерде ысык тамак уюштурууга жарым миллион сом бөлдү

КРнын Өкмөтү 2018-жылы мектептерде ысык тамак уюштурууга 555 млн. 941,7 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Бул 2015-2017 жылдары ар жыл сайын бөлүнгөн суммадан 121 505 сомго көп.

Министрликте белгилегендей, мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылуу билим берүү системасынын стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. Анткени мектеп курагы баланын негизги өнүгүү жана жашоо образы, анын ичинде тамак-аш түрү түзүлүүчү мезгили болуп саналат.

Бул иштин алкагында негизги документтер – "Мектептик тамакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары" жана “Пилоттук мектептерде мектептик тамакты өнүктүрүү программасы" иштелип чыккан.

Ошондой эле, Өкмөттүн чечими менен ысык тамак уюштурулган мектептерге ашпозчулардын штаты киргизилген.

төрт көбөйтүлгөн эки канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз