Коом - 53

Өлкөнүн билим берүү уюмдары 121 миң доллар өлчөмүндөгү грант алды

Республиканын билим берүү уюмдарынын бир катары билим берүү шарттарын жакшыртууга 121 миӊ доллар өлчөмүндөгү гранттык жардам алышат

Гранттар Талас облустук чет тилдер лицей-комплексине, Талас агрардык-экономикалык колледжине жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун бир катар мектепке чейинки билим берүү уюмдарына Жапония Өкмөтүнүн "Өсүмдүк тамыры жана адамзат коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында бөлүнүүдө.

Жалпы өлчөмү 51 577 долларды түзгөн курулуш материалдарды мекемелерди калыбына келтирүү үчүн Кара-Кулжа, Кара-Кочкор жана Жийде айылдарынын бала бакчалары алышат.

Талас облустук чет тилдер лицей-комплекси жалпы өлчөмү 25 25 долларга ашкана эмеректерин, флип-тактайларын, китеп текчелерин, мугалимдер үчүн столдорду, парталарды, ашканага отургучтары менен столдорду жана башкаларды алат.

Талас агрардык-экономикалык колледжи жалпы өлчөмү 44 685 долларга ашкана эмеректерин, столдорду, отургучтарды, атайын капталган мектеп тактайларды, пластик терезелерин, китеп текчелерин, радиаторлорду, насосторду жана башкаларды алат.

алты кошулган он канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз