Коом - 589

Киевде ок тийген кыргызстандыктын биринин абалы оор

Украинанын борбору Киев шаарындагы ок атышуудан кыргызстандын эки жараны жабыркаганын Риа Новости украин полициясына шилтеме берип жазып чыкты. Окуя Киевдин Шевченков районунда 8-сентябрдын кечинде болгон. Маалыматта Opel жана Jaguar үлгүсүндө автоунаалар кубалышып, ок атышканы айтылат. Ары жакта токтоп турган Porsche унаасына ок тийген. Киев полициясынын башчысы Андрей Крищенко “112 Украина” телеканалына берген интервьюсунда Porsche унаасындагы жарандар кыргызстандык экенин, алар оор жаракат алганын алдын ала маалыматтарга таянып билдирген. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, ал эми экинчиси палатада экени айтылган.

Окуя боюнча Украин полициясы “бир жана бир нече кишини өлтүрүүгө аракет кылган” деген берененин негизинде кылмыш ишин козгогон.

төрт көбөйтүлгөн төрт канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз