Спорт - 570

Кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар 4 медалга ээ болду

2-сентябрдан 11-сентябрга чейин Венгриянын борбору Будапешт шаарында кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Чемпионатка Кыргызстандан 11 балбан катышып, 4 медалга ээ болушту. Бул тууралуу BUGUPRESS агенттигине ага-машыктыруучу Каныбек Эсенгелдиев билдирди.

Чемпионатка 60тан ашык өлкөдөн спортчулар келип катышкан. Кыргызстандыктар 3 коло жана 1 күмүш медалга ээ болушту.

Өспүрүмдөр арасында 50 кг салмакта Асхат уулу Өткүр сол колдо 3-орун;

Өспүрүмдөр арасында 60 кг салмакта Сулайманов Шахман сол колдо 2-орун, оң колдо 3-орун;

50 жаштан жогору абсолюттук категорияда Ольга Ярославцева оң колдо 3-орунга ээ болду.

жети кемитилген бир канча болот?
Асыл

Молодцы

BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз