Коом - 351

С. Исаков: "Эне тил - элдин эң баалуу байлыгы"

Быйыл “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынышына 28 жыл толду.

Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору жана баа жеткис байлыгы болгон мамлекеттик тилди даңазалоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Мамлекеттик тил күнүнө карата Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу жыйын өткөрдү.

Салтанаттуу иш-чаранын коноктору алгач кыргыз китептеринин көргөзмөсү менен таанышты. Көргөзмөгө “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги жана Улуттук Илимдер академиясы тарабынан чыгарылган китептер коюлган.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 28 жылдыгына арналган даректүү тасма менен башталып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеев расмий түрдө ачты. Н. Ишекеев куттуктоо сөзүндө мындай деди: “Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн атын тастыктаган жана затын аныктаган тил. Ар бир этнос өз эне тилин ыйык жана касиеттүү деп эсептейт, анткени ал эненин сүтү менен келет. Анда этностун өткөнүн, бүгүнкү күнүн жана келечегин синтездеген рухий потенциалы менен улуттук коду жатат. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары макамга ээ болушу көз карандысыз эгемендүү мамлекетти куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамы болгон. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды сөзсүз, кадиксиз, күмөнсүз ишке ашыруу зарыл экендиги бүгүнкү күндө баарыбызга түшүнүктүү болуп калды”.

Андан соң сахнага КР Президентинин куттуктоосун окуу үчүн КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары М. А. Карыбева чакырылды. Кийинки кезекте Жогорку Кеңештин төрагасы Ч. А.Турсунбеков “КРда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” көзөмөлдөөчү топтун төрагасы катары Улуттук программага токтолуп, “Кыргызтест” системасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралу айтып өттү. “Тилдин келечеги үчүн күрөшсөк, элибиздин, мамлекетибиздин эртеңи үчүн күрөшкөн болобуз” деп сөзүн жыйынтыктады Ч. Турсунбеков.

Ошондой эле КР Премьер-министри С. Ж. Исаков мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мындай деди: “Доор алмашат, дүйнө өзгөрөт, бирок тил калат. Ар бир элдин эң улук, эң ыйык байлыгы — анын эне тили. Эне тили жок эл эч качан өзүнчө эл боло алган эмес. Бул жагынан биз өзүбүздүн тарыхый тагдырыбызга ыраазы болсок болот”.

Салатанаттын алкагында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды.

Салтанатуу иш-чара атайын даярдалган маданий программа менен жыйынтыкталды.

алты кошулган он канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз