Шайлоо-2017 - 438

​БШКга Р. Отунбаева баштаган “Таза шайлоо үчүн” кыймылынын өкүлдөрү келди

БШК “Таза шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Р. Жээнбеков, Р. Отунбаева, Ф. Кулов, А. Эркебаев, Р. Карасартова, Э. Каптагаев, Нарын Айып, эл аралык байкоочулар жана ММКнын өкүлдөрү келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча маанилүү маселелер козголуп, шайлоого даярдыктар жөнүндө сөз болду. БШКнын башчысы 15-октябрда өтө турган шайлоого даярдыктары, негизги маселелер жөнүндө эскертти. Аймактык шайлоо комиссияларын жана мүчөлөрүн автоматтык эсептөө машиналарын колдонууну үйрөтүү боюнча маселелер сүйлөшүлүп жана мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланыш маселелери сүйлөшүлдү.

БШКнын жетекчиси Н. Шайлдабекова БШК КР Конституциясы менен, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депуттаттарын шайлоо” закону, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү” мыйзамы менен иш алып барарын белигилеп өттү. Андан сырткары БШК – бул коллегиялык орган экендигин жана чечимдер ачык добуш берүү менен болорун билдирди.

Маалыматтык шайлоо системасы (МШС), 2015-жылы иштелип чыккан, 2016-жылы референдумда апробациядан өткөн, эл аралык компаниялардын сертификаты бар, ушуга байланыштуу бул маселе жаратпашы керек. БШК жаңы шайлоо технологиялары Түштүк Корея менен иштешкен эл аралык агенттик менен бирге иштелип чыккан. Азыркы тапта бардык программалар кыргыздар тарабына өткөрүлүп БШК специалисттери иш алып барат.

МШС - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө процесстин жүрүшүн, жыйынтыгын көргөзүүгө арналган система.

МШСнын курамы:

Автоматтык эсептөө урнасы: бюллетендерди кабыл алуу жана саноо үчүн.

ИШС программалык камсыздоо: шайлоо жөнүндө маалымат чогултуу, сактоо жана берүү кызматын аткарат.

АЭУ коргоого алынган каналдары: БШКнын маалыматтарын коопсуз жеткирүү.

АЭУ программалык камсыздоо үчүн сервердик, комплекстик жана информациялык камсыздоо.

Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык эсептөө урнасынын иштөө принциби көрсөтүлдү, андан сырткары БШК кызматчылары тестирлөө максатында “Сенин добушуң-сенин келечегиң” аттуу ураандын урнанын иштөө принциби көрсөтүлдү. АЭУ шайлоо бюллетендерин кабыл алып жана санап шайлоодон кийин саат 8де БШК серверине кантип берилерин көрсөтүштү. Азыркы тапта БШК серверинде АЭУ маалыматты чогултуу жана сактоо процесси жүрүүдө, мындан кийин даяр болгон маалымат http://ess.shailoo.gov.kg сайтына жарыяланат.

Кыргызстандагы шайлоо өткөрүүдө биометрикалык маалымат аркылуу шайлоо жана добуштарды автоматтык түрдө саноо процесстери менен коштолгондугу эл аралык уюмдардын жана коомдук институттардын кызыгуусун жаратты.

тогуз кошулган сегиз канча болот?
Осмонов И.С

Урматуу БШК жекчилерине. кыргызстандын келечеги учун, бутундугу учун. сиздрден сураныч эч кимге баш ийбей таза шайлоо откоруп беруунуздорду суранамын .

BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз