Коом - 1286

ӨКМ билдирет: Өлкө аймагында эртең кар жаашы күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 3-5-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолордо кар жаашы, 4-5-октябрда тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

4-5-октябрда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11° жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

5-7-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

беш кошулган жети канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз