Коом - 355

Аида Салянованын соту: өкүм чыгары күтүлүүдө. Журналисттерди сотко киргизбей жатышат

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин карап бүттү. Андан соң сот Кубанычбек Касымбеков өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда жарыш сөз уланмак, бирок сот Касымбеков аны токтотуп, Аида Саляновага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койду.

Ошондой эле сот отурумуна журналисттерди киргизбей жатышат.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.



эки көбөйтүлгөн сегиз канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз