Коом - 132

"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалына арыздар кабыл алынууда

"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалына арыздарды кабыл алуу 1-ноябрга чейин уланат.

Фестивалга 30 минутадан ашпаган оюн, даректүү жана анимация фильмдери катыша алат.

Кинофестиваль Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, жазуучунун туулган күнүнө карата 12-декабрдан 15-декабрга чейин өтөт. Ал өз ичине эки программаны камтыйт – эл аралык жана улуттук. Эл аралык программада 15 тасма, улуттук сынакта 15 кыргыз кыска метраждуу тасмалары ат салышат.

Фестивалдын жыйынтыгында “Мыкты фильм”, “Мыкты режиссура”, “Калыстардын атайын призи” жана “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон фильм” аталышындагы сыйлыктар ыйгарылат. Байге фонду 500 миң сом. Иш-чара "Айтыш" коомдук фондусу, Кинематография департаменти жана Кыргызстандын кинематографисттер союзу тарабынан уюштурулууда.

Фестиваль 2010-жылдан тарта өткөрүлүп келет.

беш кошулган бир канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз