Коом - 1398

Памирдеги этникалык кыргыздардын балдары Кыргызстанга келди

Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын 17 баласы Кыргызстанга окутуу үчүн алынып келинди. Балдарды ата-энелери жана жакындары коштоп келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 33 адам келди, анын ичинде алты үй-бүлө, кош бойлуу бир келин жана бир жарым жаштагы кичинекей бала бар. Алар дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө болуп жатат.

Этникалык кыргыздардын балдарын алып келүү Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда болгон келишимдердин негизинде ишке ашып жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн экспедициясы Ооганстандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткизүү жана алардын балдарын Кыргызстанда окутууга алып келүү үчүн Улуу жана Кичи Памирге тогуздун (октябрь) айынын экисинде барган.

Жалпы наркы 7 млн. сом болгон 60 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Анын ичинде дары-дармектер, тамак-аш азыктары, жылуу кийим-кече бар.

Ооганстандан келген этникалык кыргыздар баары Нарын областына барып жайгашат. Бир жума аралыгында дарыгерлердин кароосунда болушат.

Андан кийин этникалык кыргыз балдарды окутуу жана социалдык колдоо боюнча тийиштүү иштер уюштурулат. Билим берүү министрлиги аларды жеңилдетип окутуу планын даярдап бүтүп калды.

Афганистандагы кыргыздар деңиз деңгээлинен төрт, беш миң метр бийиктеги Памир тоолорунда жашашат. Алардын турмушу оор, тамак-ашы начар, медициналык тейлөө жок, ошол себептүү өлүм-житим көбөйүп, саны азайып кетип баратат.

Эгерде 2008-жылы алардын саны эки миңдин айланасында болсо, азыркы учурда 700-800 болуп калганы айтылууда.

он кошулган беш канча болот?
Эне

Туура иш жургузгонсунор Окмот рахмат. Боордош элди да унутка катырбай алажургонуннор учун.

Анара

Озубуздун бир боорлорго созсуз камкордук коруубуз зарыл. Колдон келсе тарыхтагы ата мекенине кайтаруу керек. Уламлан улам каза болуп жатып алардын саны азайып бара жатат.

Кыргыз

Атамбаевге ыракмат!

BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз