Коом - 935

Сапар Исаков Ысык-Көл облусунда жашаган эки үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жашаган Жылдызкан Байтурованын үйүнө барды.

Жылдызкан Байтурова жолдошу Кененбек Абылгазиев менен үч баланы тарбиялайт. Улуу баласы Чыңгыз мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тизмесинде туруп, ай сайын жөлөк пул алат. Үй-бүлөнүн социалдык абалы оор.

Андан соң Сапар Исаков Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Самара Акматбекованын үйүнөн кабар алды.

Самара Акматбекованын 6 баласы бар. Кичүү кызы болгону эки айлык. Үй-бүлө саман кошулган кыштарды жасап сатып жан багышат, алардын тапкан каражаты үй-бүлөнү бакканга жетпей, социалдык абалы оор бойдон калууда.

Өкмөт башчы эки үй-бүлөгө тең материалдык жардам көрсөтүп, азык-түлүктөрдү берип, колдоо сөзүн айтты. Аны менен бирге жергиликтүү бийлик органдарына Жылдызкан Байтурованын жана Самара Акматбекованын турак-жай маселесин чечип, аларды жумушка орноштуруу жагын кароону тапшырды.


сегиз кемитилген бир канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз