Коом - 855

Атамбаев: "Кыргызстанда эч ким чөгөлөп жашаган эмес!"

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында Эл аралык Футбол федерациясы (ФИФА) футбол академиясын ачты.

Мамлекет башчы Ош шаарына барганда 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы окуяларды эстеп, "мындан ары мындай каргашалуу окуялар болбосо экен" - деп сүйлөдү.

Фергана өрөөнүндөгү бардык калктарды, өзгөчө кыргыздар менен өзбектерди байыркы тарых бириктирип турат. Кайсы бир убакта ушул эки элдин биримдиги абдан күчтүү болгон. Бир гана мисал келтирейин. Кокон хандыгы азыркы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын аймагынан сүрүлүп чыккан» - деди ал.

Президент, 2010-жылдагыдай болуп жарандардын ар кандай тукуруу иштерине алданып калбасын деген максатта, "бул жылы бекеринен "Алтай цивилизациялык форумун" өткөрбөптүрмүн" - деп сөзүн улантты.

Президент, "кайсы бир саясатчынын өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элди тукуруучу иштерди жасап жатканын карап туруп жүрөгүм ооруйт" - деп айтты. «Кыргызстанда эч ким чөгөлөп жашаган эмес! Эч ким! Жашабайт дагы!» - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы шайлоо таза өтөт деп билдирди. Ал ишенимдүү түрдө Кыргызстан татыктуу президентти тандайт деп айтты.

«Мен өз элиме ишенем, иштин чоо-жайы эмнеде экенин бат эле билишет. Мен өзүм да алдангам, өзүмдүн көзүм жакында эле, жарым ай мурун ачылды. Биздин элибиз башкача. Биз үчүн биримдик эң башкы нерсе. Биз туура жолдо бара жатабыз» – деди.

Президент Алмазбек Атамбаев жакында эле барып келген Өзбекстанга болгон сапарын айта кетти. Бештин (декабрь) айынын бирине чейин чек ара тууралуу калган маселелерге кол коюлат деген ишеничте экенин билдирди.

Мамлекет башчы Гэллапа америкалык институтунун маалыматы боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүнүн ичинен абдан перспективалуу өлкө экенин белгиледи. Бирок биз тынчтыкты жана туруктуулукту сакташыбыз керек деп айтты.

Ош шаарындагы футбол академиясын ачуу маселесине кайрылып, президент Алмазбек Атамбаев канааттануу менен академияда Бразилиядан келген машыктыруучулар иштерин айтты.

Справкалар үчүн: Футбол академиясы бир учурда 100 баланын окуусуна жана жашоосуна шарт түзүп берет. Мындан тышкары, академия машыгуу үчүн ар түрдүү техникалык жабдыктар, окуу бөлмөлөрү менен камсыздалган, ошондой эле академиянын машыктыруучулары үчүн эс алуучу бөлмө, ашкана жайгашкан.

беш көбөйтүлгөн төрт канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз