Спорт - 201

​Ашхабаддагы Азия оюндарынан медаль алган спортчуларды сыйлоо сунушталды

Бир катар эл өкүлдөрү Түркмөнстандагы жабык имаратта өткөн Азия оюндарында Кыргызстан жакшы көрсөткүчтөр менен кайтып келгендигине токтолушту. Бул оюндарда Кыргызстан спортчулары жалпысы 70 медаль менен келгендигин айткан депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда да спортчулардын ар кандай заманбап машыгуусуна, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө спорт комплекс куруу замандын талабы экенин, жок дегенде жападан жалгыз спорт сарайды жакшылап оңдоп-түзөө керектигин баса белгиледи.

Депутат Мурадыл Мадеминов жогорудагы эл аралык спорттук иш-чарада Кыргызстандын желегин желбиретип, байге алып, жакшы көрсөткүч жаратып келген спортчуларды мамлекеттик деңгээлде сыйлоо маселесин Өкмөткө сунуш кылды.

“Эл арасында “Аккула” атмайданы качан жаңыланып качан жаңы курулаштар башталат деген суроолор көп жаралууда. Өкмөт атмайданды оңдоп-түзөө иштери боюнча толук маалымат берсеңер”, - дейт депутат Таалайбек Масабиров.

эки кемитилген бир канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз