Коом - 177

​КСДП ЖКнын вице-спикерлигине Асел Кодуранованы сунуштайт

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары кызматына Асел Кодуранованын талапкерлигин сунуштоо чечими кабыл алынды.

Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы. Ал эми анын ордуна Канат Крезбеков сунушталат.

Тогуздун айынын (октябрь) жыйырма алтысында Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз каалоосу менен орун басарлыктан баш тарткан.

он кемитилген эки канча болот?
BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз