Коом - 2235

​Г. Кудайбердиева: «Окуу аяк оона айынын (сентябрь) онунда башталганы туура»

Бүгүн тогуздун айынын (октябрь) жыйырма жетисинде“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын Окуу жылын аяк оона (сентябрь) биринен жыйырмасына жылдыруу маселеси каралды. Бул маселени Дастан Жумабеков көтөргөн.

Жыйынга чакырылган КРнын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул маселе боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөндүгүн айтып, анын корутундусуна ылайык, окуу жылынын башталышын аяк оона (сентябрь) жыйырмасына эмес онуна жылдырууга болорун билдирди. Муну менен туристтик сезон да узартылат, ошону менен катар окуу программасын да өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок болот.

Министр окуу жылынын башталышын которууну 2018-жылдан 2020-жылга чейин сынап көрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алуу болжолдонуп жатканын айтты.

Мындан сырткары, Г. Кудайбердиева ЮНИСЕФтин бул аралыкта балдар эс албай эле, түшүм жыйноого көмөктөшүү менен алек болот деген корутундусу бар экенин кошумчалады.

Г. Кудайбердиеванын айтымында жетинин айы жана бештин айында мектеп окуучуларынын ата-энелери, коомчулук менен окуу жылдын башталышын жылдыруу тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Ошону менен катар бул маселе 2018-жылдын башында өкмөттүн тиешелүү токтому демилгелене тургандыгын айтты.

Бул маселе 2018-жылдын жалган куран айында (март) дагы бир ирет каралат.

он кемитилген жети канча болот?
Долотбаков Кубанычбек

Жөн эле койгулачы 10 күн 20 күн эч айырмасы жок 1 сентябрда келе албаган бала 20 сында деле келе албайт , көнгөн эле 1 сентябрда калтыргылачы андан көрө окуу китептери Россиныкын эмес өзүбүздүн китеп жөнүндө ойлогулачы башка көйгөйдү көтөргүлөчу п

Мукамбетова Асель

Калпеле болбогон маселе менен алектенимиш болбой эле койсо. Анын ордуна мектептердеги коомдук фонддорду жоюп акча чогултууну токтотсо. Ар кайсы мектеп ар кандай китептерди окуйт. Бири россиянын китептерин окуп"Родина моя Россия" деп окуп журот. Бири дагы башка китептерди окуп жатышат. Китеп озунчо эле бир бизнеске айланган. Анан кантип, ОРТ ны кайсы программанын негизинде тузуп жатышат? Кайсы китептин негизинде? Бир эле мектепте ар кайсы китепти окушат. Анысы аз келгенсип жок ал китеп мектептин библиотекасында жок. Сатып аласын. Кийинки жылы башка балана берейин десен кийинки жылы башка китеп окуп калышат экен. Ал китеп жарабай калат. Ар бир класска бир эле автордун китебин бекитип беришпейби. Ар кайсы мектеп каалаган китебин окушат экен. Жэ бул да бир коррупциянын бир туру окшойт.

BUGUPRESS маалымдамасы
Bugupress маалымдамасына жазылыңыз
Bugupress маалымдамасын алуу үчүн экрандын жогорку бөлүгүндөгү Allow баскычын басыңыз